«Фокус Казакстан» аттуу кеңири масштабдуу долбоор биринчи жолу дүйнөлүк арт-сахнада

«Фокус Казакстан» аттуу кеңири масштабдуу долбоор биринчи жолу дүйнөлүк арт-сахнада. ХХ кылымдын 30-жылдарынан баштап ушул күнгө чейинки ата мекендик тартуу жана заманбап өнөр чыгармаларын дүйнө элдери көрө алышат. Мисалы, сүрөтчү Асхат Ахмедиар «Ата-баба тумары» деп аталган композициясын жаратты. Ал бири-бирине жип менен байланган чоюн казандарынан турат. Автор аял затынын бул жашоодогу маанилүү ролун жеткиргиси келген.

АСХАТ АХМЕДИАР, СҮРӨТЧҮ:

- Казандын идеясы кайдан чыккан? Жубайымдын күндө казандын башында иштеп жүргөнү жанымды кейитип жиберет. Бул нерсеге анын көп убакыты кетет.

Дагы бир сүрөтчүнүн «Келин» аттуу масштабдуу чыгармасы толук пластикалык баштыкчалардан жасалган. Автор муну менен элдин көңүлүн экология маселесине бурууну көздөгөн.

САУЛЕ СҮЛЕЙМЕНОВА, СҮРӨТЧҮ:

- Мен пластикке болгон көз карашты толугу менен өзгөртүүнү сунуштайм. Аны башкача пайдалануу жолдорун издөөгө чакырам. Эгер биз аны толугу менен жоё албасак, демек пайдалануунун альтернативалык түрлөрүн табышыбыз керек.

 «Постномаддык горизонттор» көргөзмөсүндө атагы таш жарган казакстандык өнөр ээлеринен башка, чыгармачылык жолуна эми түшкөн жаш авторлордун да көркөм дүйнөлөрү коюлган. Ушундай жагдайда, ар кандай муун өкүлдөрү өз ара диалогго түшүп, өткөн доордон бүгүнкүгө чейинки өзгөрүүлөрдү изилдеп түшүндүрүшөт.

РОЗА АБЕНОВА, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН БӨЛҮМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Ал жерде улуттук маданият элементтери сакталат. Бул – бизди англичандардан өзгөчөлөгөн касиет. Бул – дүйнөнү ар түскө бөлөйт.

 «Фокус Казакстан» долбоору «Руханий жаңыруу» программасы алкагында, анын ичинде «Ааламдык дүйнөдөгү заманбап казакстандык маданият» тармагы боюнча ишке ашып жатат. Ал биринчи кезекте казактын улуттук өнөрүн дүйнөгө жайылтууга багытталган.

ДЭВИД ЭЛИОТ, СЕРЕПЧИ:

- Бул болгону азыркы замандын гана эмес, келечектин да маданияты. Ал ачык жана тең укуктуу. Бул – казакстандык өнөрдүн келечегине жол ачкан көргөзмө десе болот.

Британдыктар көргөзмөнү 1 ай бою көрө алышат. «Фокус Казакстан» долбоору ошондой эле, Германия, АКШ жана Түштүк Кореяда да ишке ашат.