Аким Таразиге арналган китептер жарык көрдү

Астанада мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург, киносценарист, профессор Аким Таразинин чыгармачылыгына арналып жазылган китептердин бет ачары өттү. Иш-чара Улуттук академиялык китепканасында уюштурулган. Катары калың окурмандарга арналган эмгектердин бири «Жазуучу жаны» деп аталат. Анын автору Уларбек Нургалым уулу. Китепке автордун жазуучу, сценаристтин инсандыгы талданган макалалары кирген. Экиничи басылма – «Аким Тарази – драматург» деп аталат. Анын үстүндө сынчы, Казак Улуттук искусство университетинин профессору Назира Мукышева иштеген. Бул эмгек ишмердин кино чыгармачылыгына арналган. Мындан сырткары, китепте казак киносундагы эң жаркын сценарий иштеринин бири «Белгиленген сызыктан өткөн издер» да караштырылган. Автор ар тараптуу талдоо жүргүзүп, архивдеги документалдык материалдарды изилдеген.

НАЗИРА МУКЫШЕВА, КИНО ТААНУУЧУ, ӨНӨР ТААНУУ КАНДИДАТЫ:

- Чындыгында буга чейин мындай форматтагы китептер болгон эмес. Бул алгачкысы. Оңой болгон жок. Бардык архив материалдар, сценарий да орусча жазылган. Бүт документтер орус тилинде. Китепти казак тилинде жазыш үчүн бир топ материалды которууга туура келди.

АКИМ ТАРАЗИ, МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТЫН ЛАУРЕАТЫ, ДРАМАТУРГ, КИНОСЦЕНАРИСТ, ПРОФЕССОР:

- Мен мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болсом да, чет өлкөлүк деңгээлге чыксам да, мен өзүмдү сын көз караш менен кароону улантып келем. Бир жерден токтоп калууга болбойт, токтоп калсам, демек мен ал жерде жокмун. Чыгармаларды окуп, жакшы жана ийгиликсиз учурларды белгилейм. Жазуучу өзүн эч качан аябашы керек. Өзүнө-өзү ыраазы болуп жүргөн адамдан эч нерсе чыкпайт.