Казак жомоктору Корея көрүүчүлөрүнө көрсөтүлдү

Түштүк Кореяда өткөн салттуу китеп фестивалында алгачкы жолу казак чыгармалары көрүүчүлөргө сунушталды. «Алдар Көсө» жана «Ким күчтүү?» жомокторунун бет ачарын Сеулдун Сонбук райондук маданият фонду уюштурду. Ушул фонддо Асел Маханова иштейт. Казакстандык кыздын сыртта жүргөнүнө он үч жыл болуптур. Бирок, ал алтын уясы Ата мекенин унутпайт. Жергиликтүү тургундарга казак маданияты тууралуу  айтуудан  тажабайт. Жомок айтуу башка, Асель фестиваль катышуучуларына казактын улуттук – чүкө оюнун да үйрөттү.

АСЕЛ МАХАНОВА, СЕУЛ ШААРЫ СОНБУК РАЙОНУНУН МАДАНИЯТ ФОНДУНУН КЫЗМАТКЕРИ:

- Беш жыл бою мен ушул фестивалга конок катары катыштым. Ал эми быйыл Казакстандын атынан катышып, кореялык тургундарга казактын маданиятын тааныштырдым.

Жалпы, китеп фестивалы Сеулда сезинчи жолу өтүп жатат. Быйыл ага Сеулдагы токсон төрт маданий жамаат катышты. Иш-чаранын максаты – балдарды китеп окууга шыктандыруу.

ЛИ ДЖИН У, СЕУЛ ШААРЫНЫН СОНБУК РАЙОНУНУН МАДАНИЯТ БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Жылдан-жылга окурмандардын саны азайып бара жатат. Бул санариптик технологиянын өнүгүүсү менен байланыштуу. Китеп сатуу да азайды. Ошондуктан биз балдарды китеп окууга чакырабыз жана башка улуттардын каада-салты, маданияты менен тааныштырууга аракет кылабыз.