Казактын «Курак жуурканы» Гиннесстер китебине кирди

Казактын курак жуурканы Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул дүйнөлүк рекордду расмий түрдө каттоо үчүн Улуу Британиядагы башкы кеңсенин өкүлдөрү Алматыга атайын келишкен. Ар түрдүү кездеменин кесиндилеринен тигилип жасалгаланган  жууркандын узундугу 10 чакырым 900 метрди түзөт.

ДЖОАН БРЕНТ, ГИННЕСС РЕКОРДДОР КИТЕБИНИН БАШКЫ КЕҢСЕСИНИН ӨКҮЛҮ:

- Ушуга чейин дүйнөдөгү эң узун жууркан боюнча рекорд 2016-жылы Малайзияда тиркелген. Анын узундугу 1128 метрди түзгөн. Бүгүн биз атайын чакыртылган адистердин жардамы менен жана лазердик жабдык аркылуу  казакстандык чеберлер колго тиккен жууркандын узундугун өлчөдүк. Ал дүйнөлүк рекордду жаңылады. Аны далилдей турган расмий документти да тапшырдык.

Казак элинин байыртадан келе жаткан ыкма менен курак жуурканды тигүү үчүн беш жүздөн ашуун адам тартылган. Чеберлердин басымдуу бөлүгү – борбордук китепкана кызматкерлери. Алматылык жашоочулар да ар түрдүү кездеме кесиндилерин алып келип, рекорддук көрпөнү тигүүгө катышышты.

РОЗА КАБИЕВА, АЛМАТЫ ШААРДЫК БОРБОРДОШТУРУЛГАН КИТЕПКАНАЛАР СИСТЕМАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Мунун баары ушул  беш айда тез тигиле калган буюм эмес. Бул жерде көптөгөн адамдын эмгеги бар. Эмгектеринин үзүрүн бүгүн көрүп жатышат. Ошондуктан да бардык шаардыктарды чоң жеңиши менен куттуктагым келет. Бул шаардын жеңиши. Тургундардын жеңиши деп эсептейм.

Белгилей кетсек, эң узун курак жуурканды тигүү үчүн казакстандык чеберлер 5 айын сарпташкан. Жамааттык эмгектеринин жогору бааланганы аларды кубандырып жатат. Азыркы тапта казак элинин байыркы төл өнөрү – курак жууркан тигүү салтына болгон кызыгуусу өсүп жатат. Чет өлкөлүк коноктор да ар түрдүү курактар менен кооздолгон буюмдарды даярдоо техникасын өздөштүргүсү келээрин айтышат. Бул – улуттук каада-салтты даңазалаап, дүйнөлүк деңгээлде жаңыртуунун бирден бир жолу.