Монакодо өткөн «Астана Балет» гастролу

Казакстандык артисттер дүйнө сахнасын багындырууда. «Астана балет» театры Монако көрүүчүлөрүн таң калтырды. Театрдын жаш солисттери жана балет труппасы 2018-жылы ачылган дүйнөгө белгилүү «Гримальди форумунда» өнөр тартуулашты.

ДИЛАРА ШОМАЕВА, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН ЖЕТЕКЧИ СОЛИСТИ:

- Биздин «Астана Балет» театры Монтекарлодогу «Гримальди Форумунда» өнөр көрсөтүп жатат. Биз үчүн бул эң сонун кубаныч. Астана Балет Гала программасы бул жердеги тургундарга абдан жагып жатат деп толук ишеним менен айта алам. Артисттердин маанайлары да, даярдыктары да өтө жакшы.

Программа үч бөлүмдөн турат. Ага «Улуу Талаа мурасы» элдик бийлер топтомосу жана неоклассика стилдеги камералык спектакль - Love. Fear. Loss жана A Fuego Lento бир актылуу  балеттери кирген. Аны көрүүгө келген чет өлкөлүктөр, Казакстандын балет өнөрүнүн деңгээлин жогору баалашты.

СИМОН МИШЕЛЬ ДРАЙФУС, КӨРҮҮЧҮ:

- Биз Казакстан тууралуу көп билбейбиз. Бирок, ушул спектаклден кийин кызыгуум арта түшөт деп ишенем. Спектаклдеги ар бир образ сонун аткарылды. Ошол аркылуу сиздердин өлкөңүздөр менен тааныштык. Кийимдери, музыкасы, жасалгалары баары бири-бири менен айкалышып турат. Солисттер да, балет бийчилери да кереметүү өнөр көрсөтүштү.

ФРАНС НОРМАЛФОНДС, КӨРҮҮЧҮ:

- Мага айрыкча спектаклде фольклорго басым берилгени жакты. Улуттук каада-салтты ушинтип башкаларга көрсөтө билгени, тааныта билгенин колдоймун. Эң сонун таасир алганымды айта кетким келет.

Монако жашоочуларын таң калтыруу оңой эмес. Себеби, бул жердеги маданият очоктору белгилүү театрлар жана балет труппаларынан бошобойт. Ал эми, "Астана Балет Гала" спектаклине көрүүчүлөр жылуу пикирлерин билдиришти. Артисттерге узак кол чабылып, урмат көрсөтүлдү.

ДИДЬЕ ЛАМБЕЛЕТ, ЭЛ АРАЛЫК ДОЛБООРЛОР БОЮНЧА МҮДҮР:

- Мен буга чейин «Астана Балет» театрынын өнөрүн Парижде көргөм. Эми мына, алар Монакодо өнөр тартуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Труппанын курамы абдан жаш. Алардын артыкчылыгы да ушунда деп ойлойм. Баары мыкты даярдык менен келишкен. Дагы далай бийиктиктерди багындырышат. Алдыдагы убакытта биздин маданий байланышыбыз мындан да бекемделе түшөт.

Эскерте кетсек, «Астана балет» театрынын гастролдук сапары «Азыркы замандагы казак маданияты ааламдык дүйнөдө» программасынын алкагында ишке ашырылат.