Актауда Каспий жээгиндеги өлкөрдүн ІІ эл аралык театр фестивалы өттү

Актауда Каспий жээгиндеги өлкөрдүн ІІ эл аралык театр фестивалы өттү. Иш-чарага Казакстан, Орусия, Азербайжан, Иран жана Түркмөнстандан 8 театр жамааты катышты. Быйылкы фестиваль казак киносу менен театрынын мыктысы Нурмухан Жантөринин 90 жылдыгына арналды. Эл аралык өнөр сынагынын ачылыш салтанаты деңиз жээгиндеги амфитеатрда өттү. Ал жерде бир учурда миң өнөрпоз өнөр тартуулай алат. Ошондой эле, бул сахнаны  алыстан 25 миң адам көрө алат.

ШАЛАЛИ КУТСИ, ХОРЕОГРАФ / ИРАН:

- Актаулык көрүүчүлөр бизди өзгөчө кол чабуулар менен тосуп алышты. Биз да аларга жакшы маанай тартуулоо үчүн аракет кылып, мыкты спектаклибизди алып келдик. Бул фестиваль өнөрпоздорду алдыга карай өнүгүүгө жетелеп, Каспий жээгиндеги өлкөлөр театрларынын маданий-руханий кызматташтыгын бекемдөөгө түрткү берет.

Эл аралык фестиваль – өнөр жана достуктун мааракеси. Ошондуктан да театр жамааттары өз ара жарышпай, бири-бири менен тажрыйба алмашуу, өнөрлөрү менен жакын таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Уюштуруучулардын айтымында, кийинки жылы аталган иш-чараны Түркмөнстандын Түркмөн башы шаарында  өткөрүү көздөлүп жатат.