«Junior Eurovision 2018»: Талапкерлер кандай даярданып жатышат?

Оралдык Ержан Максим – Балдар Евровидениеси эл аралык сынагына катыша турган 10 талапкердин бири. 11 жаштагы жаш талант ушул күнгө чейин дүйнөнүн 4 өлкөсүндө өткөн ыр-сынактарында топ жарган. Таланттуу жеткинчектин  өнөрүнө  Орусия, Латвия, Грузия, ал эле эмес Италиянын өнөр сүйүүчү коому да  жогору баа берген. Жаш өнөрпоз алдыда өтө турган сынакка кызуу даярдык көрүп жатат. Максим ырдагандан сырткары футбол ойногонду жактырат.

ЕРЖАН МАКСИМ,  СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Мага спорт түрлөрүнөн футбол жагат. Анан албетте шорт-тректи жактырам. Бош убакытымда үйүмдүн артындагы аянтчада балдар менен ойнойм. Сабакка барган кезде агай да футбол ойнотот.

Таланттуу ырчы вокал ийримине 5 жашынан бери катышып келе жатат. Баласынын ырга болгон кызыгуусун алгач ата-энеси байкаган. Арадан көп убакыт өтпөй ал шаардык «Балдаурен» сынагынын жеңичүүсү аталган. Кийин «Балбөбек», «Алтын микрофон», «Бозторгой» сыяктуу республикалык сынактарда мыктылардын катырында болгон.

ДАРИЯ БАХЫТОВА, МУЗЫКАЛЫК ЖЕТЕКЧИ:

- Анын ушул кезге чейин топтогон тажрыйбасы мол. Ал катышкан эл аралык сынактар көп. Үнү өтө жакшы, диапазону өтө кең. Ырга абдан кызыгат, тез жаттап алат, тез аткарат. Жүрөгү менен ырдайт. Азыр абдан кызуу даярдык үстүндө, ыр жаздырып, аны эми мыкты даярдап, бышырып алып баруу керек.

ГҮЛМИРА АЛИБЕК, АПАСЫ:

- Анын мүнөзү өтө токтоо. Сахнада ал өзүн ишенимдүү алып жүрөт. Чыныгы артист сыяктуу көрүүчүлөр менен иштешкенди билет. Өз чөйрөсүндө болсо өтө ачык, көңүлдүү, достору, ар бир адам менен тил табыша алат, өтө элпек. Биринчиден, сынак балага чоң жана баа жеткис тажрыйба. Ал келечекте Димаш сыяктуу өлкөнү тааныткысы келет.

Азыр Ержандын репертуарында 30 чактуу ыр бар. Талабы күчтүү өспүрүм бул тизмени дайыма жаңыртып турууга аракет кылат. Вокал сабактарынын жардамы менен жаңы чыгармаларды аткарууга, кесипкөй жактан өсүүгө көңүл бурат. Мындан 2 жыл мурун ал Казакстандын белгилүү чыгармаларын гана аткарчу. Азыр алардын ордун дүйнөлүк деңгээлдеги классикалык чыгармалар жана элдик музыкалар баскан.