Балдар Евровидениесинде Казакстандын намсын ким коргойт?

«Балдар Евровидениеси» Эл аралык ыр сынагына улуттук тандоодон өткөн 10 жеңичүү аяк оона айынын 22синде Алматы шаарында өтө турган гала-концертке кызуу даярдык көрүп жатышат. Өзгөчө үн, туубаса таланты менен көзгө алынгандардын бири – астаналык Сүйким Кабылбек. 13 жаштагы өспүрүм бала кезинен өнөргө куштар болуп өскөн. Вокалдан сабак берген устаты  талантуу шакиртинин бийик чокуларды багынтаарына ишенет.

ЗАКИРА КУРМАНБЕК КЫЗЫ, МУЗЫКА САБАГЫНЫН МУГАЛИМИ:

- Сүйкимдин вокалдык мүмкүнчүлүктөрү өтө жогору. Көп изденет. Жогорку ноталарды жакшы алат. Өзүнүн жеке автордук ырлары да бар.

Улуттук тандоонун талабы боюнча, жаш ырчылар гала-концертте аткарыла турган ырлар мурда эч жерде ырдалбаган болуусу керек. Сүйким Кабылбек өзү ырдай турган автордук ыры тууралуу да ооз ачпай, сыр кылууда.

СҮЙКИМ КАБЫЛБЕК, СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Сынактын талаптары боюнча жаңы ыр болушу керек. Ошондуктан  талапка ылайык  ыр жаздырдык. Ушул ыр аркылуу өз өлкөмдүн кандай кооз, учу кыйырсыз экенин көрсөткүм келди.

Казакстандын атынан долбоорго катышам деген дагы бир талапкер 10 жаштагы Бинур Саудабай. Ал ар бир жеңиштин артында зор эмгек жатат деген пикирди карманат.

 - БИНУР САУДАБАЙ, УЛУТТУК ТАНДООНУН КАТЫШУУЧУСУ:

- Маган Полина Гагарина деген ырчы жагат. Биздин үндүрөбүз окшош. Тактап айтканда, жогорку жана узун ноталарыбыз окшош.

Бинурдун вокалдык продюсери болгон тажрыйбасын бергени көрүнүп турат. Себеби сахнада жаш талант өзүн-өзү жогорку деңгээлде кармап, толкундануусун баса алат. Бул – жеңишке болгон бир кадам.

ПОЛИНА ДУМИТРЕСКУ, ПРОДЮСЕР:

- Бинур эң жаш катышуучу. Ал болгону 10 жашта. Бирок кичинекей болгону менен, алдына максат кое билет. Ал өз алдынча иштей алат. Ошондой эле,  ал сахнага чыгаарда толкунданбайт.