Аяк оона айынын 22си балдар Евровидениеси сынагына Казакстандын атынан катыша турган ырчынын аты белгилүү болот

Аяк оона айынын 22си балдар Евровидениеси Эл аралык ыр сынагына Казакстандын атынан катыша турган ырчынын аты белгилүү болот. Эң таланттуу жаш талапкер калыстар тобу менен көрүүчүлөрдүн добушу аркылуу аныкталат. Жеңичүү жетинин айынын 25де Минскде өтө турган башкы сынакка багыт алат. «JUNIOR EUROVISION-2018» макамы үчүн ат салышкандардын ичинде 12 жаштагы Жанел Калдыбек да бар.

Жаш талант музыка дүйнөсүнө мындан үч жыл мурун кадам таштаган. Азыр ал ар кандай жанрдагы ырларды аткарат. Бир нече республикалык жана эл аралык фестивалдардын жеңичүүсү. Ошондой эле Жанел - фортепиано, гитара жана укулеле сыяктуу аспаптарда кол ойното алган өнөр ээси.

ЖАНЕЛ КАЛДЫБЕК, СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Кечинкей кезимде эле ырдачумун. Апам менин жөндөмдүүлүгүмдү байкап, кесипкөй адистерге бере баштады. 8 жашымдан тартып пианино, андан кийин гитараны үйрөндүм. Азыркы тапта мен ырды хобби катары эмес, жан дүйнөм каалгандан кийин чын жүрөктөн ырдайымын. Мындай сынактардын мага бере турган нерсеси көп.

Жанел казак, орус жана англис тилдеринде ырдайт. Өзү айткандай анын үнү тамагынан эмес, жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккандай. Жаш талант келечекте дүйнө сахналарын багындырып, тасмага тартылууну кыялданат.