Москвадагы көргөзмөдө Казакстандын китептери бааланды

Москвадагы көргөзмөдө Казакстандын китептери бааланды

Казакстандык басылмалардын өндүрүштөрүн Москвадагы эл аралык көргөзмө-жарманкеде жогорку баалашты. Алып келинген китептердин көпчүлүк бөлүгү биринчи күнү эле сатылып кетти.  Биринчи кезекте Казакстандын табияты, маданияты жана тарыхы боюнча маалымат берген «Менин Казакстаным» адабиятын сатып алышты. «Амина Туран номаддардын өлкөсүндө» романы окурмандардын арасында зор кызыгууну жаратты. Бул жаштарга арналган фэнтези жанрында жазылган алгачкы казак адабияты. Белгилей кетсек, Москва китеп жарманкеси – бул Орусия жана Чыгыш Европадагы ири жана байыркы форум. Көргөзмө салтка айланып калагандай эле аяк оона айынын башында өтөт. Бул - китеп мезгилин ачылышы.  Бул жылы башкы тема –балдар адабияты. Бул жерде 25 өлкөдөн 300 басма катышты.

АЛЬМИРА СУЖИКОВА, БАСМАНЫН БАШКЫ РЕДАКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул жылдагы жаңычылдык Заура Туреханованын эмгеги. Казакстанда биринчи жолу балдар фэнтезисин басып чыгардык. Заура “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жана Казакстандын Тунгуч Президентинин Фондунун “Алтын Тобылгы” сыйлыгынын ээси. Китептин сатыкка чыкканына бир ай боло элек. Жыйынтыгын жакында көрөбүз.

ЖЕНИС КАЗАНГАПОВ, БАСМАНЫН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз көргөзмөгө Орусияга жакшы сатылып жаткан, текшерилген гана китептерди жана жаңы эмгектерди алып келдик. Китептердин ичи эле эмес, сырты да кооз болуусун каалайбыз. Бул окурмандарды өзүнө тартып турат.  Мүмкүн алар өтө түстүү болуусу мүмкүн, бирок биздин чыгыш ырааңы менен.