Казакстандык өндүрүш дүйнөлүк сулуулук индустриясы үчүн

Жылкынын түгү - сулуулук индустриясы үчүн. Дал ушундай өндүрүштү америкалык ишкер Ашок Жалани Казакстандан сатып алууда.  Бир жылкыдан болгону 200 грамм гана кыл алынат. Мындай аз өлчөмдөгү кыл жаныбардын сырткы келбетине эч кандай өзгөрүү бербейт. Ишкердин өз өлкөсүдө ишканасы жана сулуулук салону бар. Жылкынын кылынан каш жана кийме чачтан сырткары музыкалык аспаптарга бириктиргичтер да жасалат.

АШОК ЖАЛАНИ,  ИШКЕР/ АКШ/:

- Казакстанда 2 миллионго жакын жылкы бар. Бирок мени ачык түстөгү жаныбарлар кызыктырат. Менин оюмча, бул бардык жаныбарлардын ондон бир бөлүгү.

Ашок Жалани чийки затты Монголия жана Кытайда да даярдап көргөн. Бирок сапаты канааттандырган  эмес. Ишкердин айтымында казакстандык чийки зат өзүнүн бекемдиги менен өзгөчөлөнөт. Эми америкалык бизнесмен Казакстанда да өз ишкердигин ачууну көздөп жатат.

АШОК ЖАЛАНИ,  ИШКЕР/ АКШ/:

- Мен ай сайын 100 килограммга чейин түк сатып алууну мерчемдеп жатам. Жакынкы арада Актөбе, Астана жана  Костанайга барууну ойлонуштуруудамын. Керектүү өлчөмдөгү чийки зат чогулгандан кийин ушул жерден кайра иштетүү өндүрүшүн ачам.

Окумуштуулардын айтымында, жылкынын түгү 1,5-2 жылда өсөт. Эң башкысы аны эрежеге ылайык кыркуу керек. Күзүндөгүсү  жакшыраак.