Кытайда ачылган көргөзмөдо «Алтын адамды» күнүнө 12 миңге жакын адам көрдү

 «Алтын адамды» күнүнө 12 миңге жакын адам көрдү. Кытайдын Шэньси провинциясындагы Сиань шаарында ачылган «Улуу Талаа мурасы: зергердик өнөрдүн берметтери» аттуу көргөзмөсү жыйынтыкталды. Экспозицияга «Алтын адам» гана эмес, Есик коргондон табылган рун жазуусу бар күмүш идиш, биздин заманга чейин V-IV кылымдарда жасалган эки илбирс тартылган кур, XV кылымдын башында жасалган уникалдуу зергердик буюмдар коюлган.

ВЭНЬ ЦЗЮНЬ, ШЭНЬСИ ПРОВИНЦИЯ МУЗЕЙИНИН ЭЛ АРАЛЫК ӨНӨКТӨШТҮК БӨЛӨМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул Казакстандын Улуттук музейи менен бирге Кытайда ачылган алгачкы көргөзмөбүз. Ушуга чейин ЭКСПО алкагында Терракот жоокеринин көргөзмөсү астаналыктарды кубандырган. Ага кызыгуу жогору болгон. Кытайлыктар Алтын адам көргөзмөсүн көрүшүп, казактын байыркы мурасына таң калышты. Музейлер арасында эки жактуу байланышты мындан ары бекемдейбиз.

Сиань шаарындагы музей комплексинин аймагы 65 миң чарчы метр. Бул жерде 300 миңден ашуун экспонат сакталат. Байыркы замандан баштап Шэньси провинциясынын бүгүнкү күнүнө чейинки маалыматтары бар. Бул музейге күн сайын келе турган туристтердин катары калың. Алар казакстандык көргөзмөгө да сөзсүз баш багышат.

- Көргөзмөнү көрдүм. Жасалга буюмдар, айрыкча, билериктер жакты. Алардын жасалуу чеберчиликтери таң калтырды Казакстан тууралуу буга чейин китептерден гана окугам. Эми көргөзмө аркылуу жакыныраак таанышып, толугураак маалымат алдым.

Мындан кийин «Алтын адам» Азербайжан, Польша жана  Түштүк Кореянын Улуттук музейлеринде көрсөтүлөт. Ал эми 2019-жылы долбоордун алкагында Жапония, Грузия, Улуу Британия, Испания жана Түркия өлкөлөрүнүн тургундары Улуу Талаа мурасы менен таанышышат. 2020-жылы мындай мүмкүнчүлүккө  АКШ, Италия, Австрия, Франция жана Германиядагы өнөр сүйүүчүлөр коому ээ болот.