Медиа-чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык

Казакстан медиа-тармагындагы эл аралык кызматташтык чек арасын кеңейтүүдө. «Хабар» агенттиги Кытайдын ири телеканалы CGTN каналынын орус тилдүү контенти менен видео алмашуу системасына катышат. Мындай келишимге Сиань шаарында өткөн  “Жибек жолу”  Эл аралык телевизиондук кызматташтык коомунун форумунда “Хабар” агенттигинин башкармалыгынын төрагасы Алан Ажибаев кол койду. Атайын платформа орус тилдүү өлкөлөрдүн телевизиондук компанияларынын ортосунда жаңылыктар жана видеоконтент менен ыкчам алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт. Белгилей кетсек, аталган системанын ишке кошуу саамалыгына Орусия, Беларсия жана Тажикстандын ЖМК өкүлдөрү катышты.

АЛАН АЖИБАЕВ, «ХАБАР»АГЕНТИГИНИН БАШКАРМАЛЫГЫН ТӨРАГАСЫ:

- Ар бир кызматташтык,  маалымат болсун, башка да жанрларда, сериал же даректүү тасма болсун өтө маанилүү. Бул жерде бизди жылуу тосуп алышты. Сиань шаарындагы бул маанилүү демилге биргелешкен кызматташтыктагы ири тарыхый окуя болот. Бул аянтча ыкчам түрдө маалыматтарды алмашып, жаңы жаңылыктарды кабыл алып, керектүү сүрөттөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.