Казакстандык монодрама «Фриндж» фестивалынын атайын сыйлыгын жеңип алды

Казакстандык өнөрпоздор Эдинбургда дүйнөгө белгилүү «Фриндж» фестивалынын атайын сыйлыгын жеңип алды. «Дарыянын аркы бетинде» моно-спектакли табити жогорку чет өлкөлүк сынчыларды таң калтырды. Спектаклдин режиссёру Татьяна Ким менен актёр Анатолий Огай «Инновация» аталышы боюнча сыйланды. Монодраманы жазган калифорниялык өнөр институтунун тарбиялануучусу - Анатолий Огай. Спектаклдеги башкы жана жалгыз ролду да автор өзү аткарат. Спектаклде этникалык корейдин оор тагдыры баяндалат. Ал 1937-жылы миңдеген жердештери сыяктуу Алыскы Чыгыш чек арасы аймагынан Казакстан жана Борбор Азияга өз эркине каршы көчүрүлүп, кийин 2-Дүйнөлүк согушка катышкан.

АНАТОЛИЙ ОГАЙ, СПЕКТАКЛДИН АВТОРУ, АКТЕР:

- 2012-жылы чоң атамдан алган маектин негизинде жасалган эмгек. Спектаклде анын каардуу 43-жылы башынан өткөргөн окуялары чагылдырылат.

Көрүүчүлөрдүн окуя желесине болгон кызыгуусу өскөн. Долбоор авторунун айтымында, алар Казакстандын тарыхый кыйын мезгилдери тууралуу маалымат алып, тынчтык мекенине айланган бүгүнкүсү тууралуу белгиси келген.

ТАТЬЯНА КИМ, РЕЖИССЕР:

- Спектаклде биз ушул нерсени көрсөтүүгө аракет кылдык. Анткени ал чындык. Бизде дасторкон башында 10 адам олтурса, алардын ар бири ар кайсы улуттун өкүлү болушу мүмкүн. Ошондой эле бардыгыбыз бир тилде сүйлөйбүз. Ошондуктан бул чет өлкөлүктөр үчүн таң кала турган жагдай.

Белгилей кетсек, ушул күздө спектакль АКШнын Нью-Йорк шаарында өтө турган «United Solo» дүйнөлүк ири моноспектаклдер сынагына сапар алат. Чыгарманын авторлору анын бул жолу да олжолуу кайтаарына ишенимдүү.