Грузияда Казакстандын мода жумалыгы өттү

Казакстандык дизайнерлер Грузияда өткөн «Adjara Fashion Week-2018» Мода жумалыгына катышышты. Батуми курорттук шаарындагы иш-чарада 20 мода чебери көрүүчүлөргө өз жыйнактары менен тааныштырды. Жумалыкта атактуу дизайнерлер менен бирге жаш дизайнерлер да өз чыгармаларын сунушташты. Көрсөтүүнү көрүүгө байерлер, белгилүү блогерлер жана сынчылар келишкен. Көздүн жоосун алган ар түрдүү жана өзгөчө кийим үлгүлөрү көпчүлүктү таң калтырды. Аны менен катар, Батумидеги көрүнүктүү жерлери да мода жумалыгынын көркүнө көрк кошту.

МАНАНА ГОГЛИЧИДЗЕ, ГРУЗИЯДАГЫ МОДА ЖАНА ДИЗАЙН АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Мода жумалыгы ушуну менен төртүнчү жолу өтүүдө. Иш-чарага катышкан 16 дизайнердин алтоосу чет өлкөлүк кутюрье болсо, сегизи Батумиден, калгандары Кутаиси жана Тбилисиден келгендер. Быйылкы жылы Жибек жолу өлкөлөрүнөн келгендер арбын. Тема эркин болду. Мен «Аял кишинин хромосомасы» аттуу топтомомду чыгардым. Көйнөктөр назик жана узун.

Казакстандан келген дизайнерлердин эмгектери да жакшы таасир калтырды. Аял кишиге өзгөчө назиктик тартуулай турган кийим үлгүлөрү көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

АЛЕКСАНДР ЛИ, КАЗАКСТАНДАН КЕЛГЕН ДИЗАЙНЕР:

- Бул топтомо грузин аялдарына арналган. Өткөн жылы «Аджар фэшн» жумалыгына катышканда грузин аялдарынын кийимине тыкыр көңүл бурган элем. Ошондуктан быйыл бирдиктүү кара түстү тандап алдык. Кийимдер жеңил пахтадан тигилгендиктен өзүнчө кооздук берип турат. Жаңы үлгүдөгү грек стили да, казакстандык стиль да байкалат. Ушуга кошо, биз улуттук стилди да көңүлдөн сырт калтырбоого аракет кылдык.

ЮСОН БЕРДЗИБАЙ, АДЖАРИЯДАГЫ МОДА ЖУМАЛЫГЫНЫН УЛУТТУК ӨКҮЛҮ:

- Бул жолу көрсөтүлгөн жаңы жыйнак башкаларына караганда өзгөчө жакты. Көптөгөн таланттуу адистер өз өнөрлөрү менен көзгө урунду. Быйыл Казакстандан келген дизайнерлердин үлгүлөрүн көрсөтө турган моделдер да келишти.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, дизайнерлердин эмгектери талап кылуучулардын, моданы сүйгөн кыз-келиндер менен бирге, эл аралык байерлердин да кызыгуусун жаратты. Алдыдагы убакытта көргөзмөгө катышкан адистер жаңы, биргелешкен долбоолорду сунушташы толук мүмкүн.