Аяк оона айынын 15-19 аралыгында «Almaty Film Festival» өтөт

Аяк оона айынын 15-19 аралыгында биринчи эл аралык «Almaty Film Festival» өтөт. Программада Казакстан, Франция, Орусия, АКШ жана башка өлкөлөрдүн 10 картинасы сунушталат. Фестивалдын алкагында «Гран-при», «Мыкты режиссёр», «Мыкты актёр», «Мыкты актриса» жана «Калыстар тобунун атайын сыйлыгы» номинациялары боюнча алдыңкылар аныкталат. Сунушталган эмгектерди белгилүү өнөр ээлери баалашат. Алардын катарында актриса Настасья Кински, француз продюсери Марк Рускар жана Пьер Спенглер да бар. Ал эми сынактан сырткаркы программага 21 тасма сунушталган. Алардын мыктысын ЮНЕСКО өкүлдөрү тандайт. Басым балдар киносуна жасалган. Бул секцияны атактуу «Арстан падыша» мультфильми ачат. Белгилей кетсек, «Almaty Film Festival» сынагына ушул картинанын режиссеру Роберт Минкофф да келет.

АКАН САТАЕВ, «ALMATY FILM FESTIVAL» ПРЕЗИДЕНТИ:

- Чыгармачылык  деңгээлде карасак, биздин фестивалдын башкы максаты маданияттардын айкалышуусу деп айтууга болот. Биз Эл аралык долбоор аркылуу чет өлкөлүк кесиптештерибизди Алматы менен Алматы облусунун аймагында биргеликте кино тарткыбыз келет. Бул биринчи кезекте жеке менчик киного зор колдоо болоор эле. Ошондой эле, эл аралык  деңгээлде  чыгууга, ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк.

ТЭГИ: Almaty Film Festival, Кинофестиваль, Арстан падыша