Актөбөдө «Энелерге таазим» руханий борбору ачылат

Актөбөдө «Энелерге таазим» руханий борбору ачылат. Комплекс энелердин ак жоолугуна окшоштурулуп курулган. Уникалдуу долбоор Бопай Ханым, Нурсулуу Тапалова, Роза Жаманова, Алия  Молдагулова сыяктуу казак элинин  улуу энелеринин эрдиктерин кеңири жайылтуу үчүн кызмат кылат. Объект курулушуна меценаттар 350 миллион теңге  каржылай жардам көрсөтүшкөн.  Аймагы миң чарчы метр болгон үч кабаттуу имаратта улуттук үлгүдө жасалган музей, көргөзмө залы жана ийримдер орун алат. Ошондой эле, бул жерде алгачкы республикалык энелер форуму өтөт деп көздөлүүдө.

КҮЛПАРШЫН АЙДАРХАНОВА, ШААР АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Ушул форумдун алкагында «Кыз – элдин көркү» аттуу долбоорду ишке ашыралы деп турабыз. Аны менен биз кыз-келиндерибизди тарбиялайбыз. Алар менен дизайнерлер, хореографтар, тарбиячылар алек болушат.