«Балдар Евровидениеси»: Калыстар тобу

Казакстандык аткаруучулар «Балдар Евровидениеси – 2018ге» даярдык көрүшүүдө. Эскерте кетсек, улуттук тандоо алкагында мыктыларды калыстар тобу аныктайт. Калыстар курамында  белгилүү аткаруучу, продюсерлер бар.

ЕРЛАН ИГИСИНОВ, «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Калыстар тобунун курамында чындыгында мыкты продюсерлер бар, алардын бири - Ринат Гайсин. Ал жалгыз гана Казакстанда эмес, аны менен катар башка өлкөлөрдө да белгилүү. Кайрат Нуртас, Ерке Есмахан да белгилүү ырчылар, өз көз караштары калыптанган жана эң башкысы, алар белгилүү сынактарга катышышкан, демек, алардын кандай өтөөрүн билишет. Ошондой эле, калыстар тобунун дагы бир мүчөсү биздин башкармалыктын төрагасы Алан Ажибаев. Бул сынактын болушунча адилеттүү өтүшү үчүн жасалды. Себеби, сынактын уюштуруучулары жана негизги таратуучусу бизбиз.

Ошондой эле, калыстар тобунун курамында Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева, продюсер Багым Мухитденова, ырчы Мадина Садуакасова бар. Эскерте кетсек, калыстарга эң таланттуу жаш талапкерди тандоого бир жума убакыт берилет. Аяк оона айынын аягына чейин талантуу жаштар жылдыздар менен бирге гала концертте өнөрлөрлөрүн тартуулашат. Аны «Хабар» телеканалы түз алып көрсөтөт. Жеңүүчүлөрдү аныктоого көрүүчүлөр да өз салымын кошо алат.

АЙДОС ТУРЫСБЕК, «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Көрүүчүлөр менен калыстар тобунун добуш берүүсү аркылуу жеңүүчү аныкталып, өлкө атынан Минск шаарында өнөрүн көрсөтө турган жаш ырчы белгилүү болот.

Эскерте кетсек, эл аралык сынак жетининин айынын 25де өтөт. Сынак «Хабар» телеканалында түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.