«JUNIOR EUROVISION-2018» ыр сынагына тандоо уланып жатат

«JUNIOR EUROVISION-2018» ыр сынагына тандоо уланып жатат. Эл аралык өнөр сынагын алып баруу да чеберчиликти талап кылат. Беларусь  өлкөсүндө 31 талапкер «түз эфир» режиминде атайын кастингде өз күчтөрүн сынап көрүштү. Талапкерлерди көрүүчүлөр эмес, чакырылган адистер баалашты. Кастингге сынактын шоу-директору Гордон Бонелло Мальтадан атайын келген. Балдар «Евровидениесин» уюштуруу 2014-жылдан бери ушул кесипкөйгө ишенип тапшырылган.

ГОРДОН БОНЕЛЛО, «ЕВРОВИДЕНИЕ-2018» БАЛДАР СЫНАГЫНЫН ШОУ-МҮДҮРҮ:

- Эң маанилүүсү – импровизация. Айрыкча, добуш берүү жүрүп жаткан кезде адашууга болбойт. Быйыл сынакка 20 мамлекеттин өкүлү катышат. Калыстар тобу бар. Ар бири өз бааларын коюшат. Мына ошол убакытта миллиондогон адамдын көзү менен кулагы алып баруучуга бурулган кезде өтө кылдаттуулук керек.

Сынактын алып баруучусу болууга талапкерлерден видео өтүнмөлөрдү  кабыл алуу бир айга уланды. Тандоого Беларустан эле эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан өнөр ээлери катышты. Көрүүчүлөрдүн алдына чыгуудан мурун катышуучулар толкундануу сезимдеринен арылууга аракет кылышат.

АНДРЕЙ ГРИШКОВ, КАСТИНГДИН КАТЫШУУЧУСУ:

- Студияга кирүүдөн мурун үч жолу терең дем алып, машыгуу жасоо керек. Бар болгону ушул гана.

ЮЛИЯ КУРАШ, КАСТИНГДИН КАТЫШУУЧУСУ:

- Дикциямды жакшыртуу үчүн жаңылмач жаттадым. Мисалы, менин сүйүктүү жаңылмачым өтө узун.

Сынактын башкы талабы – англис тилинде эркин сүйлөө. Кастингге катышуу үчүн балдар репетитор жалдап, атайын курстарга жазылышкан. Англис тилин жакшыртуу максатында чет өлкөгө барып келгендер да бар. Бул жолу адистер катышуучулардын көпчүлүктүн жана камеранын алдында өзүн-өзү кармоо жөндөмдүүлүгүн баалашты. Түшүрүлгөн видео материалды бир нече жолу карап чыккандан кийин, тандоо жасалат. Калыстар бир эмес, төрт алып баруучуну тандап алуусу мүмкүн.

ИВАН ЭЙСМОНТ, «ЕВРОВИДЕНИЕ-2018» БАЛДАР СЫНАГЫНЫН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Мен бүгүн таң калып жатам. Кастингге катышуучулардын көбү жогорку деңгээлде чеберчиликтерин көрсөтүштү. Ушул жерде олтурган европалык кесиптештеримдин айтымында, талапкерлер англис тилинде абдан мыкты сүйлөшөт. Ошондуктан кубанып жатам.

Белгилей кетсек, быйыл Казакстан «Балдар Евровидениесине» биринчи жолу катышат. Абройлуу эл аралык сынакта өлкө намысын коргоо укугуна ээ болуу үчүн жеткинчектер улуттук тандоо түрүнөн өтүп жатат. Ыр сынак Беларустун борбору Минскте өтөт. Сынакта 9-14 жаш аралыгындагы таланттуулар багын сынайт. Өнөр жарышын казакстандык көрүүчүлөр «Хабар» телеканалынан түз эфир аркылуу көрө алышат.