Рахат-Би Абдысагын жаштар менен жолугушуп, дарс окуду

Бүгүнкү күндө казак композитору Рахат-Би Абдысагиндын ысымы бүт дүйнөгө белгилүү. Көптөгөн музыкалык чыгармалардын автору, музыкант абройлуу республикалык жана эл аралык сынактарда бир нече жолку жеңүүчү аталган. Ал 12 жашынан баштап музыка жаза баштаган. Жаш таланттын чыгармаларын Европа, Азия жана Американын атактуу солисттери, камералык ансамблдери жана симфониялык оркестрлери аткарып келишет. Рахат-Би музыкалык жигердүүлүгү үчүн «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн бири аталган. Таланттуу жигит заманбап тенденцияларга  көз карашын калыптандырды. Алар – өлкө ичине жана дүйнөлүк коомдук сезимди модернизациялоо. Ушул көз карашы менен жаштарга өз оюн жеткирди.

РАХАТ-БИ АБДЫСАГИН, КОМПОЗИТОР, ӨНӨР ТААНУУ ИЛИМДЕРИНИН МАГИСТРИ:

- Биз өзгөчө мезгилде өмүр сүрүп жатабыз. Ал бизге уникалдуу  мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Кааласаң, алдыңан бардык эшиктер ачылат. Менимче, тарыхта бир да адам көрбөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Алардын бири – жаштар менен иштешүү мүмкүнчүлүгү. Анткени жаңыртуу идеясын ишке ашыра турган ошолор. 

Дарска катышкан республика жаштар уюмдарынын өкүлдөрү бир пикирге келишти. Азыркы казакстандык муун өз идеяларын ишке ашыруу үчүн дайыма өнүгүүгө жана мүмкүнчүлүгү жетишинче даяр болуусу керек.

ЖАННА БЕЙСЕНОВА, ТКО ЖАШТАР МАСЛИХАТЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Мен анын жаш экенине карабай көп нерсеге жетишкендигине абдан  таң калдым жана шыктандым. Ал жүздөн ашык чыгарма жазган жана алты тилде эркин сүйлөйт. Биздин максатыбыз – Рахат-Би сыяктуу жигердүү жаштар тууралуу өз аймактарда жаштарга айтуу. Жаңыруунун тренддерин түшүндүрүү.