«Казакфильм» киностудиясынын эң ири киносервис платформасы менен кызматташтыгы

Казакстандын киноискусствосу дүйнөлүк аянтка чыгууда. Эми чет өлкөлүк көрүүчүлөр казак киночуларынын чыгармалары менен таанышып, эч кандай тоскоолдуксуз интернет аркылуу көрө алышат. «Казакфильм» киностудиясы эң ири киносервис платформасы менен кызматташтык тууралуу келишимге кол койду. Аяк оона айынын биринен баштап белгилүү киносайтта 150дөн ашуун казакстандык тасманы көрүүгө болот. Аталган интернет порталынын 50 миллиондон ашуун туруктуу көрүүчүсү бар. Бул ресурста жайгаштырылган казак тасмалары орус тилинде эле эмес, казак тилинде сунушталат. Онлайн-платформа каталогуна 77 миң видео өндүрүш кирет, анын ичинде 6,5 миң анимациялык жана көркөм тасма, 45 миң белгилүү теле-шоу жана 20 миң жаңылык программасы бар.

НУРЛАН ЧУКУБАЕВ, ВИДЕОСЕРВИСТИН БОРБОР АЗИЯДАГЫ КЕҢЕШИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бул келишим казакстандык кинону дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Ар кайсы өлкөлөрдөн суроо-талап жогору. Европа менен Батыш Европа өлкөлөрү бар. Менин оюмча, бул өлкөлөргө көчүп келген мурунку мекендештерибиздин көбү казак киносуна зор кызыгуучулук жаратып жаткандыгына байланыштуу.