«Junior Eurovision Song Contest 2018» даярдык

Эл аралык “Балдар Евровидениеси 2018” сынагында Казакстандын намысын коргой турган жаштар ат салышууда. Улуттук тандоо туруна өтүнмөлөрдү кабыл алуунун аякталышына 1 жумадан ашуун убакыт калды. Жаш ырчылардын ата-энелеринен өтүнмөлөр «Хабар» телеканалынын сайтына күн сайын келип түшүүдө. Эскерте кетсек, долбоорго 9 жаштан 14 жашка чейинки жаштар катыша алат.

Анкетада аты-жөнүн, жынысын, туулган күнүн, жашаган жана окуган жерин, жарандыгын, ыр жөнүндө маалыматтарды жазуу керек. Андан соң жеке сүрөттөрдү жана автордук ырды жүктөөсү зарыл. Ушундан кийин гана талапкер катышуучу боло алат.

АЙДОС ТУРЫСБЕК, «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Абдан аз убакыт калды. Баш оона айынын 31не чейин өтүнмөлөрдү бериши керек. Ошондуктан таланттуу өсүпүрүмдөрдүн ата-энелеринин көңүлүн бургум келет. Өтүнмө берип, бул сынакка катышууңуздарды чакырам. Аталган сынак силердин балаңыз үчүн зор мүмкүнчүлүк. Бул өлкөдөгү чоң, эл аралык долбоор. Бул жерде өзүнүн талантын гана көрсөтпөстөн, өлкөнүн намысын коргойт.

Эң башкы талаптардын бири - чыгарманын узактыгы 3 мүнөткө чейин болуп, кесипкөй студияда жазылып, биринчи жолу аткарылышы зарыл. Казак тилинде болушу шарт, 40% англис тилинде болсо уруксат. Казакстандык уюштуруучулардын айтымында, аткарыла турган ыр жөн эле угуп жана баалап койбостон, бирге кошулуп ырдай турган жеңил жана эсте калаарлык болушу керек. Мындай сапаттар евро-поп  стилинде бар.

АЙДОС ТУРЫСБЕК, «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Бул стиль 70-жылдарда Европа-Франция, Германияда пайда болгон. Жеңил ыргак, эсте сактап калууга оңой текст. Аталган стилде ABBA группасы, бардыгы билген шведдик Modern Talking группалары ырдашат. Белгилүү европалык группалар. Ыр дал ушундай стилде болушу шарт.

Эске сала кетсек, жыл сайын өтө турган «Junior Eurovision-2018» эл аралык сынагынын финалы жетинин айынын 25де Минскте өтөт. Казакстандыктар аны «Хабар» телеканалы аркылуу түз эфирден көрө алышат.