Түштүк Кореянын үйлөнүү үлпөт тоюу Астанада көрсөтүлдү

Түштүк Кореянын эң кооз салттарынын бири - үйлөнүү үлпөт тоюу Астанада көрсөтүлдү. Бул иш-чара тарыхы тереңде жаткан салттар менен эле эмес, эки үй-бүлөнүн биригүүсү жана ошондой эле жаңыдан турмуш жолуна аттанып жаткан жаштардын жашоосунда кездеше турган ырым-жырымдарды чагылдыруу. «Холле» жараяны көп кылымдардан бери келе жаткан, көздүн жоосун алган турмушка аттануу жөрөлгөсү. Ал “Казакстан-Корей” Достук бакчасында алгачкы жолу болуп өттү. Казакстандагы Корея элчиси Ким Дэ Сиканын айтымында, кореянын назик жана кооз салттарын көрсөтүү үчүн Түштүк Кореядан Астанага атайын артисттер тобу келишкен.

КИМ ДЭ СИК, КР ТҮШТҮК КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Бул ирет Андон шаарынын артисттер труппасы келгендигин белгилеп кетким келет. Бул шаар корей маданиятынын, улуттук салттарынын чордону. Алар өздөрү менен дал ушул кооз жана көрктүү улуттук костюмдарды ала келишти.  Аталган иш-чара Казакстанда өтүп жаткандыктан, сиздерге урмат-сый көрсөтүү максатында казактын улуттук кийимдерин  кийүүнү эп көрдүк.

Иш-чарага катышуучуларды бойго жетүү жашына өтүү жараяны кызыктырды. Бул салт корей элинде бала жарык дүйнөгө келгенден кийинки өмүрүндөгү алгачкы жөрөлгөлөрдүн бири болуп саналат. Жаш өспүрүмдөрдүн башына «Кван» баш кийими кийгизилет, ал эми кыздар болсо чачтарын жыйнап, «Пин» чачсайгысын тагышат.

БАЛЗАТ СМАГУЛОВА, АСТАНА ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Бул жөрөлгөлөрдү көрүү үчүн үй-бүлөбүз менен бирге келдик. Баары өтө кызыктуу, ханбокты кийип көрдүк. Азыркы тапта корей тилин үйрөнүп жатам. Алардын маданияты абдан жакты. Астанадагы корей маданият борборуна ыраазычылык билдирем. Алар мындай иш-чараларды тез-тез өткөрүп турушат.

Казакстан менен Корея ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Интеграциялык жараяндар, соода-экономикалык шериктештикти бекемдеп, эки өлкөнүн тышкы саясаты ар тармактуу багыттар боюнча ишке ашырылууда. Айрыкча, маданият тармагындагы байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Эки өлкөнүн тургундары үчүн маданий иш-чаралар уюштурула бермекчи.

КИМ ДЭ СИК, КР ТҮШТҮК КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- 25 жыл ичинде биздин өлкөлөрдүн ортосунда мыкты байланыш орноду. Айрыкча маданий байланыш өнүгүп жатат. Казакстанда корей маданияты менен салтка сый-урмат көрсөтүлөт. Өз кезегинде, биз да жыл сайын  ар кандай маданий иш-чараларды уюштурууга аракет кылабыз. Ушундай жагдайларда байланышыбыз мындан ары да бекемделерине чоң ишеним артабыз.