Балдар Евровидениесинин улуттук тандоо турунун бүтүшүнө 2 апта калды

Балдар Евровидениесинин улуттук тандоо туруна өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтүнүн бүтүшүнө эки апта калды. Ал баш оона айынын 31де аяктайт. Талапкерлер «Хабар» агенттигинин расмий сайтына өтүнмө бере алышат. Улуттук тандоого 9 жана 14 жаш аралыгындагы өспүрүмдөр катышса болот. Белгилей кетсек, балдар Евровидениеси эң алгач 2003-жылы өткөн. Ошондон бери жыл сайын уюштурулуп келет. Сынакка Европалык кабар таратуу биримдигинин курамына мүчө мамлекеттердин өнөрпоздору гана катышат. 2016-жылдын үчтүн айынын биринде «Хабар» телеканалы EBUнун ассоциацияланган мүчөсү болгон. Ушул убакка чейин Казакстандын балдар Евровидениесине катышуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген.  Маселе быйыл теке айынын 25де чечилди. Адистердин айтымында, абройлуу сынакка катышуу жаш өнөрпоздор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Буга Орусиялык Полина Богусевичтин ийгиликтери ачык мисал.

Диапазону кең, таза үндүн ээси 14 жашында бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон. Жаш талант 2017-жылдагы «Балдар Евровидениесинин» жеңүүчүсү аталган. Грузияда өткөн эл аралык сынакта Полина «Крылья» ырын аткарып, угуучуларды таң калтырган. Ал бүгүнкү күндө улуттук тандоо турунун калыстар курамынын катарында.

Бул «Балдар Евровидениесинин» алгачкы финалисти, хорватиялык Дино Елушич. Ал кезде болгону 11 жашта болчу.

Азыр 26 жашка толгон аткаруучу белгилүү рок ырчысы. Угуучуларын жаңы альбомдор менен кубантып, концерттерден колу бошобойт.

Балдардын ыр сынагы «Хабар» телканалында түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. Сынак шарттарына ылайык, катышуучулар жаңы ырларды аткарат, ал эми жеңүүчү добуш берүү аркылуу аныкталат.