Казак акыны, акылман Абай Кунанбаевдин туулганына 173 жыл

Казак акыны, акылман Абай Кунанбаевдин туулганына 173 жыл. Калемгерди калың казак журту, окурмандары эске алып, айтылуу күндү өзгөчө белгилешүүдө. Чыгармаларына казак элинин коомдук, таанып билүүчүлүктү камтыган. Акынды урматтоодо анын окурмандары да четте калган жок. Павлодар облусунда Абай Кунанбаевдин урматына арналган чыгармачылык кечелер, илимий-тажрыйбалык конференциялар, концерттер, казак классигинин эмгектери камтылган китеп көргөзмөлөрү өтүп жатат. «Абай окууларынын» аймагы кеңейе түштү. 

ҒАРИФОЛЛА ЕСИМ, АКАДЕМИК:

- Аккулы аймагында бүгүнкү күндө Абай күндөрү өтүп жатат. Бул ирет 7-Абай күндөрү. Эл ушул күндү күтөт. Ушундай эң сонун майрам болуп жатат.

ЖУЛДЫЗ ТЕМЕШОВА, КИТЕПКАНАЧЫ:

- Биздин китепканабызга Абай Кунанбаевдин көп китептери түшүп жатат. Ошондой китептердин арасында «Кара сөзү», «Абай тили» деген жаңы китептери келди. «Абай жолу» да бар.  Окуучулар, улуулар, жаштар өзгөчө өтө кызыгуу менен окушат.

Ал эми Орал аймагында Абайдын 173 жылдыгын утурлай «Абай мурасы – калк кенчи» аттуу таанып-билүүчүлүк акциясы өтүүдө. Жарыш түрүндө уюштурулган иш-чаранын максаты – улуу ойчулдун акындык мурасын өсүп келе жаткан урпакка көркөм окуу аркылуу жеткирүү. Поэзияны сүйүүгө, баалай билүүгө чакыруу. Иш-чаранын жүрүшүндө акындын эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, жаш муун өкүлдөрү Абайдын ырлары менен кара сөз түрүндөгү чыгармаларын окушту. Аны менен катар, «Абай – маданият менен адабияттын туу чокусу» аттуу ачык китеп көргөзмөсү жана тематикалык инсталляция уюштурулду.

ИАНАБАТ РАХАТ,  СЫНАКТЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Мен Абай Кунанбаевдин 50 ырын, 4 кара сөзүн жатка билем. Шаарда өткөн жарыштарга катышкам. Абай атабыздын өзгөчөлүгү ал өтө даанышман болгон. Казактын көзүн ачууда салым кошкон.

НУРГАЛИ ЖОЛДАСКАЛИЕВ, «ЖАС ОТАН» ЖАШТАР КАНАТЫ БКО БӨЛҮМҮНҮН ТӨРАГАСЫ:

- Азыр коомдук желеде да бул жумуштар жигердүү жүрүп жатат. Биздин жигердүү жаштарыбыз «Абайды тааны» хэштеги менен Абайга арнап жазган же Абайдын ырларын жатка айтып, коомдук желелерге салып жатышат.