Пабло Пикассонун чыгармалары Астанада

20-кылымдын эң белгилүү сүрөтчүлөрүнүн бири, миңдеген картина менен айкелдердин автору, кубизм агымынын негиздөөчүсү. Уникалдуу чебер Пабло Пикассонун чыгармачылыгы туурасында билбеген адам жок. Анын эмгектери эң көп санда сатылгандардын катарында. Миңдеген адамдын жеке жыйындысында сакталат. Испаниялык чебердин чыгармалары менен Астана тургундары жана коноктору тааныша алышат. Улуттук музейде Пабло Пикассонун керамикадан жасалган эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Алардын баары Италия менен Испаниядагы жеке коллекциялардан алынып келинди. Автор Франциянын Валлорис шаарына болгон сапарынан кийин керамикадан жасалган буюмдарга кызыга баштаган. Белгилей кетсек, өзүнүн чыгармаларын даярдоо кезинде чебер кумараларды жасоого арналган ыкмаларды колдонгон эмес.

МАДИНА СУЛТАНОВА, КӨРГӨЗМӨ КУРАТОРУ:

- Пикассо үчүн керамика менен иштөө алдын ала көрүп алууну туюндурган. Ревизионизм деп атаса болот. Ал өзүн алдын ала карап алчу. Бул ал алектенгендердин бири дагы эмес жана бул чыгармачылык эксперимент эмес.  Менин оюмча, бул багыт аркылуу ал сүрөтчүдөн кол өнөрчүгө айланды. Ушинтип өнөр адамынын колунан келбеген иштин жок экени далилденди. Таланттуу чебер өнөрдүн ар бир тармагына өз кол тамгасын калтырды.

Пикассонун эмгектеринде мифтикалык образдар көп кездешет. Ал негизинен жаныбарларды тарткан. Ошондой эле анын эмгектеринде байыркы грек жана африка көрүнүштөрү бар. Жалпысынан Пикассо керамикасында орто кылымдык маданияттын серпини кездешет. Көптөгөн элдер менен салттар айкалышкан.

ЖАН КАМИЛЛО КУСТОДЗА, КӨРГӨЗМӨ КУРАТОРУ / ИТАЛИЯ/:

- Пикассо өмүрүнүн аягына чейин айкелдер менен керамика буюмдарын жасоону токтоткон эмес. Ошондой эле, графика менен гравюрага да кызыккан. Көргөзмөдө Пикассонун графикалык эмгектеринин түп нускасын көрө аласыздар. Алардын көпчүлүгү китептерге сүрөт катары басылган. Пикассо эс алууну билбеген эмгекчил чебер болгон.

Астанадагы көргөзмөгө Пабло Пикассонун 100дөн ашуун эмгегинин түп нускалары коюлган. Алардын бардыгы жеке жыйнактардан алынган. Өзгөчө экспозицияны жетинин айынын 3үнө чейин көрүүгө болот.