Казакстанда «Junior Eurovision-2018» эл аралык сынагына тандоо жүрүп жатат

Казакстанда «Junior Eurovision-2018» эл аралык сынагына тандоо жүрүп жатат. Талапкерлер «Хабар» телеканалынын сайты аркылуу өтүнмөлөрдү жибере алышат. Таланттуу өспүрүмдөр менен алардын ата-энелеринен уюштуруучуларга сынакка тиешелүү ар кандай суроолор түшүүдө.

АЛЖАН АБДИРАХМАНОВ, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ» АК ИНТЕРНЕТ ДОЛБОРЛОР ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Негизинен келип түшкөн суроолордун көбү сынактын талаптары, эрежелери жана ырларга тиешелүү. Бүгүнкү күндө балдарга арналып чыгарылган ырлар көп. Ошол себептүү көрүүчүлөрдүн эсине сала кетейин, тандоо талаптарына арналган сайт бар. Ошол талаптарга ылайык сайт аркылуу өтүнмө бере аласыздар.

Сынакта 9 жана 14 жаш аралыгындагы балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Ырдын узактыгы 3 мүнөттөн ашпоосу, талапка жооп берген студияда евро-поп стилинде жазылган жана мурда эч бир жерде аткарылбаган автордук чыгарма болушу шарт. Аны менен катар, ырдын текстинин 60 пайызы өз тилинде жазылууга тийиш, 40 пайызын англисче аткарууга болот. Ошондой эле, тандоого 6 адамга чейинки курама топтор да катыша алышат.

АЙДОС ТУРЫСБЕК, «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Катыша турган ар бир баланын жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Эң негизгиси коркпой, өзүн көрсөтө билиши керек. Бул эл аралык тажрыйба. Келечекте тагдырын музыка менен айкалыштыра турган болсо, анын бийиктикке жетүү жолунда мыкты жардамчы болот. Аны менен катар, бул өлкөбүздү эл аралык аренада тааныштырууда чоң жоопкерчилик.

Евровидениеге катыша турган балдарды ар бир өлкө өзүнчө аныктап жатат. Мисалы, Францияда алдын-ала тандоо жана сынактарды өткөзбөстөн жаш аткаруучуну тандап алышкан. Грузияда эң таланттуу ырчы теледолбоор алкагында тандалган. Ал эми, Орусиянын «Артек» эл аралык балдар борборунда чоң гала-концерт өткөрүү аркылуу тандалды. Казакстанда да тандоо өзгөчөлүктөрү бар.

АЙДОС ТУРЫСБЕК «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Баш оона айынын 31не чейин сынакка катышуучулардын өтүнмөлөрү кабы алынат. Андан кийин, баш оонанын 31нен аяк оона айынын 7сине чейинки аралыкта калыстар тобунун добуш берүүсү аркылуу 10 жеңүүчү аныкталат. Аяк оонанын аягында жеңүүчүлөрдүн катышуусу  менен гала-концерт уюштурулат. Кийин көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү жана калыстардын тандоосу менен жеңүүчү аныкталат. Андан соң  «Евровидение» сынагына катышат.

Эскерте кетсек, жыл сайын өткөн эл аралык «Junior Eurovision-2018» телевизиондук ыр-сынагы жетинин айынын 25де Беларуссиянын борбору Минскте өтөт. Казакстанда гала-концертти «Хабар телеканалы түз эфирде көрсөтөт.