Биринчи жолу Астанада уюштурулган Борбор Азия бий фестивалы жыйынтыкталды - Kazakh TV

Биринчи жолу Астанада уюштурулган Борбор Азия бий фестивалы жыйынтыкталды. Эки аптага созулган иш-чарага Азия өлкөлөрүнөн 100дөн ашуун жаш талант катышты. Алар үчүн дүйнө жүзүнө белгилүү АКШ хореографтары Кэтрин Пилкингтон менен Тара Комптон мастер-класстарды өтүштү. Неоклассикалык балет, модерн, бродвей, импровизация, джаз жана хип-хоп сыяктуу бий түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү тааныштырылды.

ПОЛ ЭМЕРСОН, ХОРЕОГРАФ:

- Ушунча өлкөнүн бийчилери Астанада биринчи жолу жолугуп жатышат. Фестивалга катышуучулар өздөрүнө баа жеткис мол тажрыйба чогултту деп ойлойм. Бул жаш бийчилер жана биз үчүн ийгиликтүү болду. Анткени ар кандай маданият, ар түрдүү адамдар бир жерге чогулушту. Бардыгын бир постановкада айкалыштыруу үчүн күнү-түнү эмгектендик.

Иш-чарага Түркмөнстан, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия менен Казакстан өлкөлөрүнүн бийчи-хореографтары келишти. Америкалык Пол Эмерсондун жетекчилиги менен алар «Falling Man» же «Кулап бара жаткан адам» аттуу спектаклди көпчүлүккө тартуулашты. Спектаклде Нью-Йорк шаарынын турмуш тиричилиги көрсөтүлгөн.

ПОЛ ГОРДОН ЭМЕРСОН, ХОРЕОГРАФ:

- Нью-Йорк – менин туулган шаарым. Бийчилердин арасында да менин жердештерим бар. Биз анын сыймыктуу шаар экенин  көрсөткүбүз келди. Калаа адамдарга өмүрдүн кыйынчылыктарын жеңип чыгууга үйрөттү.

Фестивалдын уюштуруучуларына АКШнын Астанадагы элчилиги жана Казак улуттук хореграфия академиясы демилгечи болду. Максаты – мамлекеттер ортосундагы достукту бекемдөө. Аны менен катар Астананы Борбор Азиянын неоклассикалык жана контемпорари өнөрүнүн борборуна айландыруу.

ТОГЖАН БӨЛЕЖАНОВА, ФЕСТИВАЛДЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Акыркы эки жума өтө жогорку деңгээлде өттү. Убакыттын кантип өткөнүн байкабай калдык. Жаш бийчи катары АКШдан келген адистерден көп тажрыйба алдым. Көнүгүүлөрдүн жаңы түрлөрүн жана бий кыймылдарын үйрөндүм.

ДАРИНА ЮДИНА, ФЕСТИВАЛДЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Ушул долбоорго катышуу үчүн атайын Орусиядан келдим. Мастер-класстар өтө жогорку деңгээлде өттү. Устаттардын адискөй чебер экенинен күмөнүм жок. Алар биздин жүрөгүбүзгө жол таап, эки аптанын ичинде көп нерсени үйрөтө алышты. Анын жыйынтыгын азыр көрдүңүздөр.

Борбор Азия бий фестивалы теке айынын 22де башталып, эки жумага уланды. Катышуучулар Астанада биринчи жолу өткөн маданий иш-чара салтка айланаарына үмүт артышууда.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии