Павлодарда «Улуу Талаа» эл аралык этнофестивалы өттү

Павлодарда өткөн “Улуу Талаа” эл аралык фестивалда салттуу музыканын чебер аткаруучулары жана композиторлору өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иртыш аймагынын эң кооз жеринде боз үйлөр тигилип, чыныгы этно айыл пайда болду. Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия жана Түркмөнстандан келген коноктор казактын музыка, каада-салт, үрп-адаттары жана жашоосу менен жакындан таанышышты.

ШАХИМАРДАН АБИЛОВ, КР ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТИ:

- «Улуу Талаа» фестивалы бул жөн эле фестиваль эмес. Аталган мааракенин ааламдык мааниси бар, Естай, Жаяу Муса өңдүү инсандар жараткан казак музыкасы эң сонун. Биз алар тууралуу кээде фольклор деп да атайбыз. Жок, бул классика. Дүйнөлүк музыка менен бирге казак музыкасы жана казак акындары бар деп ишенимдүү айта алам.

Быйылкы этно маданий форум Иртыш аймагынын кулундары Бухар жырау, Муса Шорманов, Машхур Жусуп Копеев, Естай Беркимбаев жана Султанмахмут Торайгыровдордун юбилейлик күндөрүнө арналган.

ТОЛЕУТАЙ СЕРИКОВ, ЭЛДИК ЫРЧЫ/ ТАЛДЫКОРГОН:

- Мен Естайдын чыгармалары менен өстүм. Жаш кезимден баштап улуу композитор сыяктуу ойногонго аракет кылчумун. Менин кумиримдин урматына Павлодарда фестиваль өтүп жатат. Бул фестивалга катышуу мен үчүн сыймык.

Этно айылдын башкы коноктору төкмө акындар болушту. Алардын катарында Казбек Касымов да бар. Ал 10 жыл мурун Естай Беркимбаевдин 140 жылдыгына арналган айтышта жеңүүчү болгон.

КАЗБЕК КАСЫМОВ, АКЫН:

- Биз жалпы журт үчүн жазып, ырдайбыз. Мени өз үй-бүлөм курчап турат. Мени менен бирге казак талаасында сүйүктүү туугандарым өзбек, татар, орус, башкыр жана кыргыз бар. Менин боз үйүм, кымызым, аткарып жаткан ырларым алар үчүн. Миң жылга созулган достугубуз улана берсин.

Фестиваль Павлодардын “Иртыш Променад” башкы сахнасында мыкты гала концерт жана майрамдык фейрверк менен жыйынтыкталды.