Балдар Евровидениесине даярдык

Баа жеткис тажрыйба алып, жаңы деңгээлге чыгуу. Мындай мүмкүнчүлүктү катышуучу өлкөлөрдүн жалпы таланттуу жаштарына «Junior Eurovision» сынагы берет. Эскерте кетсек, «Хабар» телеканалынын сайтында  беделдүү эл аралык өнөр сынагында өз таланттарын көрсөтүүгө кызыктар болгондорго өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган.

ЕВГЕНИЯ ЛОЖКИНА, МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТИН ОКУТУУЧУСУ:

- Бул Казакстан үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Бул долбоор аркылуу биздин өлкө башка өлкөлөр менен мамилесин бекемдейт. Ал эми, жаштар үчүн бул жаңы таанышуулар жана алмашылгыс тажрыйба. Бул эл аралык жана дүйнөлүк деңгээл. Мыкты мектеп.

Оралдык Аяна Кажымова 2 жылдан бери эл аралык сынактарда Казакстандын намысын коргоп келе жатат. 2016-жылы жаш казакстандыкты дүйнөлүк деңгээлде таанышкан. «Riga Symphony» сынагынан Аяна өз өлкөсүнө алтын, күмүш жана коло медалдарын алып келген.  Өткөн жылы аны Юрмалада өткөн «Rudaga New star» сынагына чакырышкан.  300 талант катышкан сынактан “Эң мыкты үн” наамын алган жалгыз катышуучу болгон.

АЯНА КАЖЫМОВА, ЭЛ АРАЛЫК МУЗЫКАЛЫК СЫНАКТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Эл аралык сынактарга катышуу менен профессионал катары өсөм. Үн менен көп иштөөгө туура келет. Үнүмдүн күчтүү болуп жатканы өзүмө да сезилип жатат. Башка өлкөнүн жаштарынан да көп нерсени үйрөнөм. Чет өлкөлүк мен курактуу жаштардын вокалы өтө жогору экенин байкадым. Аларды таптаган устаттардын адискөйлүлүгү байкалат. Ал эми биздин артыкчылык сезим жана элдик ырларда.

11 жаштагы Тараздык Саят Алихан акыркы беш жыл ичинде 5 республикалык жана 3 эл аралык сынактын жеңүүчүсү болгон. Жаш талант ээси казак жана италия тилинде ырдаганды жөндүү көрөт.

САЯТ АЛИХАН, РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ВОКАЛДЫК СЫНАКТАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Мен жакында Түркияда өткөн сынакка катыштым. Аталган сынакка 20 өлкөнүн жаштары катышты. Бардыгы мыкты даярдык менен келишиптир. Эң күчтүү атаандаштарымдын бири да Казакстандык эле. Бирок, мен өзүмө ишенип, баш байгени жеңип алдым. Мындай сынактар жаңы досторду табууга жана тажрыйба топтоого сонун мүмкүнчүлүк берет.

Жаштардын жөндөмдүүлүгүн, айрыкча музыкалык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн ар бирине жекече мамиле кылуу керек. Өз ишине толук берилгендик жана баланын аракеттеринин жардамы менен гана мыкты жыйынтык алса болот, дешет мугалимдер.

НАТАЛЬЯ ПЕРЕПЕЛИЦА, КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИ:

- Биздин мугалимдер бардык аракеттерин жасап келет. Чындыгында алар ар бир ньюанстарга көңүл бурушат. Бала үчүн репертуар тандоо эң маанилүү иш. Тандалган ыр баланын жашына, диапазонуна, эмоцианалдык жагдайына туура келиши абзел. Бизди башка мамлекеттерде угуп-көрүп жаткандар биздин маданиятты тааныштыруу максатында сөзсүз улуттук казак репертуарын алып барабыз.

Максат Жаутиков казак ыр өнөрүнүн уникалдуулугу жана жаштардын музыкалык мүмкүнчүлүктөрү туурасында көп билет. Ал чоң сахнага бир нече жаш талантты чыгарып, аларды чыныгы жылдызга айланткан. Анын шакирттери Славян базары жана башка беделдүү сынактарга катышып келет.

МАКСАТ ЖАУТИКОВ, КОМПОЗИТОР, ПРОДЮСЕР:

- Биздин жаштарды эл аралык ареналардан көргүлөрү келишет. Биринчиден костюмдар, вокалдык мүмкүнчүлүк, бул табигый маалыматтар. Биз ырчы элбиз. Эл аралык жарыштарда биздин негизги атаандаштарыбыз Грузия, Армения, Болгария, Украина жана Орусия.

Белгилей кетсек, бул жылы  эл аралык ыр сынакка 19 мамлекет катышат. Казакстанда тандоо туруна катышуу үчүн өтүнмөлөр баш оона айынын 31не чейин уланат.