Казак бийчилери Болгариядан олжолуу кайтышты - Kazakh TV

Казакстандык таланттар дүйнө сахналарын багындырышууда. Астаналык «Номад» бий ансамбли Болгарияда өткөн 18-эл аралык «Обзордун розалары» хореографиялык өнөр фестивалында биринчи даражалуу лауреат аталышты. Эл аралык жарышта Казакстандын намысын коргогон жеңичүүлөрдү Астанада ата-энелери менен күйөрмандары тосуп алышты. Белгилей кетсек, белгилүү сынакта «Номад» бий ансамбли калыстардын назарына 8 элдик бийин сунуштаган. Аны менен катар, быйылкы жылы башкы байгеге Орусия, Украина жана башка да өлкөлөрдүн хореографиялык ансамблдери ат салышкан.

АЙНАГҮЛ НУРГАЗИНА, «НОМАД» БИЙ АНСАМБЛИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз дүйнө элдеринин бийлерин аткардык. Кытай, мексика, казак бийлерибизди көрсөттүк. Алардын ичинде «үйдүн эркеси», «балбырауын» жана «кара жорго» жаңы бийлери бар. Орусиянын хореографиясы, жамааттары өтө мыкты. Бизге кыйын болду. Бирок, биз биринчи орунду мекенибизге алып келе жатабыз.

ДИАНА ДҮЙСЕНОВА, «NOMAD» БИЙ АНСАМБЛИНИН БИЙЧИСИ:

- Жарыш жогорку деңгээлде өттү. Мен жакшы таасир алдым. Болгария кереметтүү өлкө экен. Ал жакта көрүнүктүү жерлерди кыдырдык.

АРУЖАН МАЖИТ, «NOMAD» БИЙ АНСАМБЛИНИН БИЙЧИСИ:

- Мен ушул «Номад» бий ансамблине бир жылдан бери катышып келем. Болгарияга биринчи жолу бардым. Башка мамлекеттерге Казакстандын өнөрүн, салтын, бийлерин таанытып жатканыбызга абдан кубанычтамын.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии