«Евровидение-2018» балдар ыр сынагынын улуттук тандоо туру башталды - Kazakh TV

«Евровидение-2018» эл аралык балдар ыр сынагына катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды. Өтүнмөлөрдү «Хабар» телеканалынын сайтында берүүгө болот. Ыр сынагына 9 - 14 жаш курак аралыгындагы каалаган казакстандык өспүрүмдөр катыша алат. Эң таланттуу бала улуттук тандоо сынагында аныкталат. Мыктынын мыктысын казакстандык маданият ишкерлери, ырчылар жана музыканттар тандап алышат.

ЕРЛАН ИГИСИНОВ, «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Баш оона айынын биринен баштап 31не чейин катышуу үчүн өтүнмөлөр кабыл алынат. Биздин телеканалдын сайтында бардык атайын талаптар жазылган анкета бар. Ал эми өтүнмөлөрдү кабыл алуу мезгили аякатаган соң, аяк оона айынын 7не чейин курамында атактуу ырчылар, музыканттар менен музыкалык продюсерлер бар калыстар тобу финалисттерди аныкташат.

 «Хабар» телеканалынын сайтында өтүнмө берүүчүлөр жеке маалыматтан башка, фото-сүрөттөр менен автордук ырларын жүктөшү зарыл болот.

АЙДОС ТУРЫСБЕК, «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Аткара турган чыгармасы катышуучу өлкөнүн тилинде, казакча, автордук ыр болушу керек. 40%га чейин англис тилин кошууга уруксат. Ырдын стили евро-поп стилинде болушу зарыл. Чыгармасы мурда эч жерде аткарылбаган болушу керек деген да талабы бар. Ушундай каттуу талаптар коюлган. Ырдын узактыгы 2 мүнөт 45 секунддан 3 мүнөткө чейин. Дал ушулар катышуучу жана ырга болгон негизги талаптар.

Сынактын улуттук тандоо турунда бардык катышуучулардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей. Өлкө намысын коргоо үчүн Минскке аттана турган талапкерди «Хабар» телеканалынын көрүүчүлөрү түз эфирде добуш берүү аркылуу тандашат. Ал аяк оона айынын аягында болот.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии