АКШда «Апага карай жол» тасмасы көрсөтүлдү - Kazakh TV

Вашингтондо «Апага карай жол» тарыхый драмасынын гала-көрсөтүүсү өттү. Ага башкы ролдорду аткарган Адил Ахметов, Алтынай Нөгербек жана продюсер Светлана Коротенко катышты. Көрүүчүлөр эмоцияларын жана көз жашын жашырган жок, эне сүйүүсүнүн таасирдүү окуясы чакырылгандарды көңүл кош калтырган жок. Үстүбүздөгү жылы АКШда казакстандык тасмалар прокатка чыгат деп күтүлүүдө. Катышуучулар белгилеп өткөндөй, тасмалардын көрсөтүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштын бекемделишине өбөлгө болот. Буга чейин Алия Назарбаева менен Акан Сатаевдин кино картинасы эл аралык деңгээлде бааланган. Ушул жазда ал Нью-Йоркто өткөн «WeLink» фестивалында «Жашоодогу жетишкендик» номинациясында «Мыкты көркөм тасма» сыйлыгына татыган. Аны менен катар Испания, Орусия, Хорватия сыяктуу өлкөлөрдө да абройлуу сыйлыктарды багындырган. Мындан сырткары Астананын 20 жылдыгына арналган салтанаттуу кабыл алуу уюштурулду. Ага Ак үй менен АКШнын Соода палатасынын өкүлдөрү, чет өлкөлүк дипломаттар катышты. Чогулгандар фото-көргөзмөдө да болушту.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии