Астанада Франциянын балет мектебинин берметтери өнөр тартуулашты - Kazakh TV

Астанада Франциянын балет мектебинин берметтери өнөр тартуулашты. «Казакстандын борборунда алгачкы ирет «Gala De Paris» кечеси өттү. Башкы шаар тургундары жана шаар коноктору батыш менен чыгыш бийлерин чеберчилик менен айкалыштыра билген Европанын заманбап классикалык хореографиясынын жаркын жылдыздарынын өнөрүнө күбө болушту. Сахна мыктылары «Раймонда», «Видение розы», «Манфред», «Корсар» сыяктуу көпчүлүккө таанымал балеттерден үзүндүлөрдү сунушташты. Спектаклдин көркөм жетекчиси – белгилүү хореограф Себастьян Берто. Дирижеру – орусия-америкалык маэстро Владимир Ланд, идея автору – Антон Левахин.

АНТОН ЛЕВАХИН, ДОЛБООРДУН АВТОРУ, ПРОДЮСЕР:

- Батыш менен чыгыштын ортосунда өнөр аркылуу диалог түзүлдү. Бул программа ар биринин өздүк маданияты калыптанган кош цивилизациянын биригүүсү менен кызыктуу. Кечеде Франция балетинин жылдызы Летиция Пюжоль жана быйылкы жылдын мыкты дүйнө бийчиси катары таанылган Сэ Ын Пак сыяктуу сахна чеберлери өз өнөрүн жалпыга тартуулашты. Бул белгилүү сахна мыктыларынын өнөрүн Астана опера театрынын таланттуу, тажрыйбалуу музыканттардан куралган оркестри коштоду. Бул программа музыканттар менен солисттерге зор ырахат тартуулай алды деп айта алам.

Эки сааттык мыкты программа Астана шаарынын - 20, Париж улуттук опера театрынын 350 жылдык мааракесине карай атайын уюштурулуп жатат. Белгилей кетсек, Франциянын башкы шаарындагы опера театрынын улуттук балет труппасы 1661-жылы Падыша бий академиясы катары түзүлгөн.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии