Казакстан «Евровидение-2018» балдар сынагына катышат

Казакстан «Евровидение-2018» балдар сынагына катышат. Ушул эл аралык өнөр сынагында өлкө намысын коргой турган жаш ырчы тандоо сынагы тогуздун айынын 8не чейин өткөрүлөт. Адистер быйылкы өнөр жарышынын катышуучуларынын саны мурдагыдан көп экенин белгилешүүдө. Бүгүнкүгө чейин сынакка 19 мамлекет катышаарын ырастады. Белгилей кетүүчү жагдай, быйыл өнөр жарышы жетинин айынын жыйырма бешинде Беларусь борбору Минскте өтөт. Ага 9 - 14 жаш аралыгындагы жаш ырчылар катышат. Балдар арасында өтө турган «Евровидение-2018» ыр сынагын «Хабар» телеканалы түз алып көрсөтөт. Бүгүнкү күндө «Хабар» Агенттиги Европа маалымат таратуу биримдигине мүчө болгон жалгыз казакстандык компания.

АЛАН АЖИБАЕВ, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Биздин жарандардын жана телекөрүүчүлөрдүн катышуусу абдан маанилүү. Себеби, алар добуш беришет. «Евровидение-2018» сынагынын добуш берүү системасы ар бир өлкөнүн калкынын санына карай кыска кабарламалар жана интернет желеси аркылуу жүрөт. Добуш берүүчүлөрдүн саны боюнча бардыгы бирдей эсептелет. Ошондой эле калыстар курамында 3 казакстандык бойго жеткен адам менен 2 жаш өспүрүм бала болот. Алардын добушу да эсептелет. Атайын формула боюнча жеңүүчү аныкталат.