«Солисттер академиясынын» Италиядагы гастролу - Kazakh TV

«Солисттер академиясы» камералык оркестри Италиянын Кунео провинциясынын, Берголо шаарында алгачкы концертин берди. Кече Үкили Ыбырайдын «Кызыл чүкө» ыры менен ачылды. Аны аткарган – салттуу ырчы Аскар Мукият. Ал опера ырчысы Азат Малик Абайдын «Көзүмдүн карасы» ырын ырдап, италия элинин алкышына татыды. Белгилей кетсек, оркестр «ALBA MUSIC FESTIVAL» жана Македония өлкөсүндөгү «Охрид жайкы фестивалы – 2018» сыяктуу ири музыкалык фестивалдарда өнөрүн тартуулоону көздөшүүдө. Жалпылап алганда, 10 концерт өткөрүшөт. Эми, эки жума бою европалыктар Улуу талаа өлкөсүнүн мыкты чыгармаларына күбө болушат.

ЖЮЛЬЕТ СИРОЛИ, ФЕСТИВАЛДЫН УЮШТУРУУЧУСУ:

- Сиздердин келип, ушундай чыгармаларды тартуулаганыңыздарга рахмат айтам. Мен дагы деле толкунданып турам. Себеби, сиздердин аткарууңуздар жаркын жана өзгөчө болду. Биз италиялыктар башкаларды үйрөтүшүбүз керек деп ойлочубуз. Эми биздин үйрөнүшүбүз керек экенине көзүм жетти.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии