Париж улуттук опера театрынын балет труппасы Астанада өнөр көрсөтөт - Kazakh TV

Париж улуттук опера театрынын балет труппасы Астанада өнөр көрсөтөт. «Gala de Paris» аттуу чоң программа теке айынын 27нен башталып, 3 күнгө уланат. Уникалдуу концерттик программаны «Раймонда» балети ачат. Чоң залдын сахнасына Летиция Пюжоль, Сэ Ын Пак, Франсуа Алю, Камиль Бон, Марион Готье жана башка балет жылдыздары чыгат. «Астана Опера» симфониялык оркестринин коштоосу менен өтө турган таасирдүү кечеге даярдык кызуу жүрүүдө.

ВЛАДИМИР ЛАНДЕ, ДИРИЖЕР /АКШ:

- Мен артисттердин өнөрүнө таң калдым. Жакында бет ачаарын көргөм. Театр өнүгүп келе жатат. Мындай өнөр адамдары менен иштешүү мен үчүн сыймык. Астанага арналган концертке кызуу даярдыктар башталды. Бул мен катышкан эң ири жана маанилүү долбоор.

Paris Opéra Ballet XIV Людовик падышанын тушунда түзүлгөн. Астаналыктар эми 350 жылдык тарыхы бар ушул труппанын өнөрүнө күбө болушат.

АНТОН ЛЕВАХИН, ДОЛБООР АВТОРУ /ИТАЛИЯ:

- Астанага чогулгандар үчүн бул уникалдуу иш-чара. Борбордо бизди кучак жая тосуп алышты. Казакстанга 10 жыл мурун келгем. Кеңейген, өнүккөн. Театр да абдан сонун. Оркестр да өтө бай жана жаркын үнгө ээ экен. Француз балет өнөрүнүн мыктылары сиздер үчүн келе жатышат. Бул кайталангыс мезгил болот.

Бул астаналык көрүүчүлөр үчүн чыныгы той болот. Концертке арналган костюмдарды Кристиан Лукруа, Оливье Рустен сыяктуу атактуу дизайнерлер тигишкен. Европалык балеттин жарык жылдыздары көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырууга даяр.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии