Central Asian Dance Festival - Kazakh TV

Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийчилери батыш бий стилинин заманбап түрлөрүн өздөштүрүүдө. Астанада аймактардын чимирилип бийлеген өнөр ээлери чогулушту. Борбор Азиялык алгачкы бий фестивалы аймак өлкөлөрүн тегиз камтыды. Жаңы иш-чаранын алкагында мастер-класстар өтүп жатат. Неоклассикалык жана бүгүнкү хореографиянын сырларын  үйрөнүүгө 100дөн ашуун жаш бийчи катышууда.

АЗИЗА КАЮМОВА, ТАЖИКСТАНДЫН СПОРТТУК ЖАНА ЗАМАНБАП БИЙ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- АКШнын алдыңкы тажрыйбалуу хореографтарынан сабак алууга чоң мүмкүнчүлүк пайда болду. Фестиваль Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзүбүздөй бийчилери менен жолугуп, таанышуунун аянтына айланды. Бул жерде өз өнөрлөрүбүздү тартуулап, тажрыйбаларыбыз менен бөлүшөбүз. Мисалы, бродвейлик бий – Тажикстан үчүн таңыр белгисиз багыт.

Ыргактуу импровизациялык кыймылды жеткирген джаз, модерн, бродвей,  контемпорари, хип-хоп сыяктуу  бий түрлөрү боюнча акысыз сабак өткөрүшөт. Чеберчилик сааттарынын катышуучулары эки жума бою АКШнын дүйнө жүзүнө белгилүү хореографтарынан тарбия алышат. Өз тажрыйбасы менен Кэтрин Пил-кингтон, Тара Комптон, Пол Эмерсон бөлүшөт.

ПОЛ ЭМЕРСОН, ХОРЕОГРАФ / АКШ:

- Биз дал ушундай чеберчилик сабактарын дүйнөнүн булуң-бурчунда уюштуруп жүрөбүз. Биздин хореографтардын арасында биз «бийлөөчү өлкө» же «бийчи улуттар» деген түшүнүк бар. Бул аталган мамлекеттин калкы бийге өтө жакын дегенди түшүндүрөт. Мына, ушул тизмеге Борбор Азия өлкөлөрүн кошууга болот. Себеби, бул аймакта адамдар бий өнөрүн өтө мыкты түшүнүшөт.

Иш-чара алкагында катышуучулар кооз кыймыл техникасы менен бирге бий маркетинги, заманбап санариптик өнөр хореографияны фото жана видеого тартуу ыкмаларын өздөштүрүшөт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии