Казакстандык сүрөтчү Карипбек Күйүкөв эл аралык сыйлыкка ээ болду

Казакстандык сүрөтчү Карипбек Күйүкөв эл аралык «Ядросуз келечек үчүн» сыйлыгынын лауреаты аталды. Бул абройлуу сыйга дүйнө жүзү боюнча 5 адам ылайык деп табылса, алардын бири - казакстандык. Сыйлык алдыдагы тогуздун айында Австрияда тапшырылат. «Атом» долбоорунун урматтуу элчиси, белгилүү сүрөтчүнүн ата-энеси Семей ядролук сынак полигонунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Мыржык айылында турушкан. Кийин Егиндибулак айылына көчүп келип, жарыкка Карипбек келет. Бирок, белгилүү сүрөтчү эки колу жок болуп төрөлөт.

КАРИПБЕК КҮЙҮКОВ, СҮРӨТЧҮ:

- Ядролук куралга ээлик кылуу – абдан азгырат, ошондуктан башкаларга андан көргөн азаптарыбыз тууралуу айтышыбыз керек.

Бүгүнкү күндө 50 жашка келсе да, Карипбек Күйүков бул өнөрүн таштаган эмес. Ал өз чыгармаларын буту же оозу менен тартат. Ядролук куралсыздандыруу кыймылынын жигердүү мүчөсү бардык эмгектеринде өзү сыяктуу турмуштун сыноосуна туш болгон жарандарды тартат. Чыгармачылыгынын отчеттук кечесинде сүрөтчү өзүнүн тандалган 50гө жакын чыгармасын койду. Өнөр сынчылары жогору баа берип, акындар ыр арнашты.

ДМИТРИЙ КАЛМЫКОВ, ЭКОЛОГ:

- Дүйнөдөгү ядролук куралдын саны азайчудай эмес. Ядролук өлкөлөрдүн саны өсүп жатат. Керек болсо азыр жабык турган Семей полигонун алалы, ал жерде азыркы тапта адамдар жашап, мал жайылып жүрөт. Ошондуктан Карипбектин картиналарын биздин жаркын келечегибиз үчүн жасалып жаткан ири күрөш деп айтууга болот.

Атайын маалыматтарга таянсак, Казакстанда атом сыноосунан азап чеккендердин саны 1 миллиондон ашат. Карипбек Күйүков дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн ядролук куралдан баш тартып, Казакстандын демилгесине кошулууга үндөп келет.