Орусиянын Тюмень облусунда казактардын 22-курултайы өттү - Kazakh TV

Орусиянын Тюмень облусунда казактардын 22-курултайы өттү. Салттуу иш-чарада казак элинин салт-санаасы урматалып, үрп-адаттар жогорку деңгээлде көрсөтүлдү. Жылына бир жолу өтө турган курултайга 5 миңден ашууна адам катышты. Ачык асман алдында ондогон боз үй тигилип, казак ыр-күүлөрү  жаңырды. Иш-чаранын көркүн улуттук оюндар ачты. Жоон билек балбандар килем үстүндө күч сынашса, чабандестер ат жалында ойношту.

ЕСЕНГАЛИ ЫБЫРАЕВ, ОФ, ТЮМЕНБ ОБЛУС КАЗАКАРНЫН УЛУТТУК-МАДАНИЙ АВТОНОМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Быйыл курултай экинчи айлампага чыкты. Анткени, эң биринчи маараке ушул Голышмановодо өткөн. Бул аймакта казак көп, болжол менен 1 миң 300 адам жашайт.

РАЙСА СУРАГАНОВА, ТЮМЕНЬ ОБЛУСУНУН ЖАШООЧУСУ:

- Бул майрам бизге абдан керек. Биз Орусияда жашасак да, өз каада-салттарыбызды, тилибизди жана маданиятыбызды билебиз, сыймыктанабыз.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии