«Томас, Люси жана Ала тоо: Актинсоновдордун Сибир жана Казак талааларындагы окуялары» - Kazakh TV

Улуу талаа өлкөсүнө көптөгөн британ жазуучулары кызыгуусун артууда. Тумандуу Альбион дүкөндөрүнүн текчелеринде жана онлайн сатыкта “Томас, Люси жана Ала тоо: Актинсоновдордун Сибир жана Казак талааларындагы окуялары” аттуу жаңы биографиялык чыгарма англис тилинде пайда болду. Китеп эр жүрөк анлис саякатчысы тууралуу жазылган. XIX кылымда Томас Аткинсон жана анын жубайы Люси 7 жыл жана 7 ай жүрүшүп, Сибир жана Казакстан болушкан. Аткинсон күндөлүк жазып, жергиликтүү элдин жашоосун жана маданиятын кагаз бетине түшүрүп, кооз пейзаждарды тарткан.

ДЖОН МАССИ СТЮАРТ, КИТЕПТИН АВТОРУ:

- Бул китепти жазуу үчүн изилдөө иштерине бир нече жыл кетирдим. Дал ошол эмгекти 80 иллюстрация менен басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Абдан кызыктуу тарых болду деп ойлойм.

Кызыктуу факт. Саякат учурунда Аткинсоновдордун үй-бүлөсүндө эркек бала төрөлүп  ага тоо жана жандантуучу булактын урматына Алатау Тамшыбулак деген ысым ыйгарышкан. Аткинсоновдун урпактары - Стив Браун жана Пеппа Смит өз ата-теги менен сыймыктанышат. Жана алардын салттарын сактоого аракет кылышат.

ПЕППА СМИТ, ТОМАСА АТКИНСОНДУН УРПАГЫ:

- Менин кызым 10 жума мурун уул төрөдү жана ага Алатау деп ат берүүнү чечтик. Эгер кийин эмне үчүн атын Алатау деп койдуңар десе, биз сыймыктануу менен анын атасы Казакстанда төрөлгөн жана анын аты да Алатау болгон деп айтабыз.

Белгилей кетсек, бул Томас жана Люси Аткинсоновдор жөнүндө жазылган 2-китеп. Ник Филдинг британдык журналист 2015-жылы  “Түштүктөгү Улуу талаага: Томас жана Люси Аткинсондордун Чыгыш Казакстанга саякаты” аттуу китепти жазган. Бул басылма окуурмандардын арасында мыкты ийгиликке жеткен.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии