Стамбулда Түрк элдеринин I өнөр форуму өттү - Kazakh TV

Стамбулда Түрк элдеринин Биринчи өнөр форуму өттү. Ага Казакстандын атынан Атыраулык өнөр ээлери катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Элдик ырлар жана заманбап композиторлардун чыгармалары менен катар, Астана тууралуу мыкты чыгармалар да аткарылды. Ошондой эле, актерлор казактын салт-санаасы менен үрп-адаттары тууралуу театралдаштырылган спектаклдерди көрсөтүштү.

АРАЙЛЫМ МОЛДАШЕВА, ӨНӨР МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Биздин максатыбыз казак бий өнөрүн, казак тили менен ырын ушул түрк жеринде жүргөн казак боордошторубуздун башын кошуп, бириктирип, унутулуп бара жаткан каада-салттарыбызды өнөр аркылуу жеткизип, элдин ыраазчылыгына ээ болу биздин кыялыбыз эле.

ЕРОЛ ЙОЛЖУ, КӨРҮҮЧҮ:

- Балдар биздин ата мекендик ырларбызды жана башка чет өлкөлүк чыгармаларды аткарып, өнөрлөрүн көрүп, эн сонун убакыт өткөрдүм. Мындай маданий программалар эки өлкөнүн ортосунда зор көпүрө болуп, эки жактуу кызматташтыкты өнүктүрөт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии