Салтты жаңыртуу: Кымыз-мурундук

Тарыхый тереңден башат алган Казакстандын улуттук салттары жаңыртылууда. Бул нерсеге «Руханий жаңыруу» программасынын тийизип жаткан таасири чоң. Анын алкагында өлкө аймактарында байыртан келе жаткан үрп-адаттарды өсүп келе жаткан урпакка тааныштырылып, убагында сактап калууга жардам бере турган иш-чаралар колго алынууда. Мисалы, азыр «Кымыз-мурундук» убакыты. Бул желеге кулун байланып, бээ саап, алгачкы кымыз чогулганда белгилене туран кымыз ичүү мааракеси. Аны алгачкылардан болуп Алматы облусунун Кеген району белгилешти.

Бул жердеги «Кымыз-мурундук» иш-чарасына райондогу 22 жайлоодон 1,5 тонна кымыз жеткирилди.

ЖАНЕН ДОДАНОВА, ИШ-ЧАРАНЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Биздин байыркы салтыбыз кайра жанданып, келечек муун ага көңүл буруп жатканына абдан кубанычтамын. Бул фестиваль – “Руханий жаңыруу” программасынын берип  жаткан жемиши десем болот. Биз тарыхыбызга кайтып, өткөнүбүздү урматтап жатабыз.

ТАҢИРБЕРГЕН КАСЫМБЕРКЕБАЕВ, «ДОСТУК ҮЙҮ – КООМДУК КЕЛИШИМ БОРБОРУНУН» МҮДҮРҮ:

- Ар этностун өкүлдөрү ар райондон келип, ушундай казак калкынын кымыз мааракесине катышып жаткандыгы кубандырат. Мындай иш чарлар келечекти айкалыштырат. Биздин ата-бабалар бай маданиятыбызды өсүп келе жаткан муунга өткөрүп берип жатышат.Бул мааракени ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизүүнү сунушташууда. Биз да бул нерсени колдойбуз.

Чыгыш Казакстан облусунун Аксуат айылында да «Кымыз-мурундук» мааракеси өттү. Улуттук суусундукту урматтоо үчүн 50гө жакын боз үй тигилди. Райондогу 60тан ашуун чарбачылык дасторкон жайып, келген конокторго кымыз менен шубат сунушту. Облустун Тарбагатай районунда 30дан ашуун чарбачылык жыл бою бээ байлап, кымыз даярдашат. Жыйынтыгында 45 миң литр кымыз, 1 миң 800 литр шубат даярдалат.

ЕРЖАН САБЫРБАЕВ, ТАРБАГАТАЙ РАЙОНУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул өсүп келе жаткан жаш урпагыбызга, кийинки муунга керектүү өнөрлөрдүн бири. Айылыбыздагы  ишкерчилигибизди, колдо жасалган эмгектерибизди, кол өнөрчүлөрдүн чеберчиликтери көрсөтүлдү.Аталган майрам жогорку деңгээлде уюштурулду.

Казак калкы саамалдан баштап кымыздын 30га жакын түрүн даярдашат.  Окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй бээнин сүтүндө 28 түрдүү витамин бар. Ошондуктан ал көптөгөн оорулардын алдын ала  турган касиетке ээ экенин далилдешкен.