Жамбыл облусунун маданият күндөрү Астанада өтту

«Жамбылдын чыгармачылык кечесин алгалаган Астанада уюштурулду». Астананын 20 жылдык майрамы менен кутуктоого 200гө жакын Тараздык өнөрпоздор келишти. Башкы шаарды куттуктоо үчүн келишкен талант ээлери атайын мааракелик программа сунушташты. Обондуу кече алкагында ыр жана обондор оболоп, театралдаштырылган көрүнүштөр коюлду.

ДҮЙСЕНАЛИ БЫКЫБАЕВ, ЖАМБЫЛ ОБЛУСУ МАДАНИЯТ, АРИВДЕР ЖАНА ДОКУМЕНТАЦИЯ ЬАШКАРАМСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Бул жерде фольклордук жамааттар, улут аспаптар оркестери, бий коллекивдери бар. Программабыздын бардыгы биздин аймактан чыккан композиторлордун ырлары. Ырлардын көбү Астанага арналган. Жаш ырчыларыбыздын, композиторлорубуздун чыгармачылыгын жайылтуу алкагында, өзүбүздүн өнөр жамаатыбыздын концерттери өткөрүлөт.

Бул Астанага атайын жазылган ыр. Иш-чара алкагында бир нече ыр менен күүлөрдүн тушоосу кесилди. Ушундайча, миң жылдыктар мурасын аркалаган байыркы Тараз тургундары борбор элинин обондуу саламдары менен катар кол өнөр буюмдарынын көчмө көргөзмөсүн да ала келишкен. Колунан көрү төгүлгөн чеберлери менен темирди жууруган усталар иш-чара конокторуна көздүн жоосун алган эмгектерин сунушташты.

САКЕН СЫДЫКОВ, УСТА:

- Жыгачтан ушундай буюмдарды жасайбыз. Бул катуу кара жыгачтан жасалган идиш. Буга жемиш, өрүк, мейиз, курма салынат. Мындай жыйналат. Бул жаңыдан чыккан, казакча кооздолгон. Ар бир үйдө сувенир катары колдонулган буюм.

Эки күнгө уланган өлкөнүн маданий күндөрү ушуну менен чектелбейт. Жамбылдык өнөр ээлеринин Астанага белеги гала-концерт менен аякталат.