«Кыз Жибек» мюзикли Кореяда - Kazakh TV

Кыз Жибек менен Төлегендин сүйүүсү тууралуу лиро-эпостук дастаны эми Түштүк Корея жашоочууларына тааныш. Улуу талаа өлкөсү фольклорунун бермети болгон «Кыз Жибек» спектакли эл аралык мюзиклдер фестивалынын алкагында Тэгу шаарында сахналаштырылды. Белгилей кетсек, «Жаштар» театры театр дүйнөсүндөгү олуттуу иш-чарага тунгуч ирет катышып жатышат. Уюштуруучулардын казакстандык жамаатынан «Кыз Жибек» спектакли менен келүүнү суранышкан. Себеби, спектакль –казактын улуттук бейнесин чагылдыра турган чыгарма.

ПАК ЧОНГ СУК, ТЭГУ ШААР ЭЛ АРАЛЫК МЮЗИКЛДЕР ФЕСТИВАЛЫНЫН АТКАРУУЧУ МҮДҮРу:

- «Кыз Жибек» мюзикли мен көргөн чыгармаларга такыр окшобойт. Өзгөчө чыгарма. Бирок көрүүчлөр аны даароо кабылдашы мүмкүн. Тэгу шаарында өтүп жаткан иш-чарадан соң түштүк кореялыктар казакстандык чыгармаларга кызыгуу жаратышы толук мүмкүн.

Опера, рок, казактын улуттук музыкасы. Казакстандык адистер ушул жанрлардын баардыгын спектаклдин, романтикалык сюжети менен чебер айкалыштыра алышкан. Ошондой эле, мюзикл каскадерлук трюктар менен толукталган. Ал эми спектаклге керектүү реквизиттердин саны абдан көп болуп, Кореяга артистерден биринчи, бөлөк жүк жиберилген. Ошондой эле, спектаклди англис жана корей тилдерине которууга да убакыт жумшалды.

НУРКАНАТ ЖАКЫПБАЙ, "ЖАШТАР" ТЕАТРЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз фестивалда башка мюзиклдерди да көрдүк. Аларда бирөөлөр балет бийлешсе, башкалары хор ырдашат. Ал эми биз балетти да өзүбүз бийлеп, ырларды ырдап, цирктик трюкатрды да аткарабыз. Бул биздин өзгөчөлүгүбүз.

ЧО ХЕН ДЖУ, ТЭГУ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Мага казак ашыктарынын окуясы абдан жакты. Башкы ролдогу артистин ойногону купулума толду. Корея менен казак музыкаларынын окшоштугу спектаклдин түшүнүтүү болушуна таасир берди. Казакстандын маданияты менен музыкасына кызыгып жатам.

Кыз Жибек менен Төлегендин сүйүүсү көрүүчүлөргө эле эмес, мюзиклдер фестивалынын уюштуруучуларына да жакты. Астаналык «Жаштар» театрынын артистери келечекте Тэгу шаарына кайра келип, казак өнөрүнүн башка да чыгармаларын сахналаштырууга убада беришти.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии