Павлодарда «Ertis Cinema» эл аралык кинофестивалы өттү - Kazakh TV

Белгилүү актер, режиссер Шакен Аймановдун туулган жеринде «Ertis Cinema» кыска метраждуу көркөм тасмалар менен даректүү тасмлардын эл аралык кинофестивалы өттү. Сынакка Орусия, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Беларусия жана башка 20 өлкөлөрдөн 100дөн ашуун режиссерлор катышышты. Быйылкы сынакка  207 өтүнмө келип түшкөн, алардын ичинде жаш, келечектен көптү үмүттөндүргөн авторлордун 68 чыгармасы тандалып алынды. Калыстар курамына казакстандык актерлер, режиссерлер менен сценаристер кирди. Жеңичүүлөр «Мыкты даректүү тасма», «Мыкты көркөм тасма», «Калыстар тобунун атайын сыйлыгы» жана «Көрүүчүнүн тандоосу» наминациялары боюнча ат салышат. Павлодар тургундары  менен коноктору сынактык эмгектер менен төрт күн бою шаар кинотеатрларынан тааныша алышты. Фестивалдын акыркы күнү сынактан тышкаркы тасмалар көрүүчүлөрдүн назарына тартууланат.

АСХАТ КУЧИНЧЕРЕКОВ, КИНОАКТЕР, КИНОРЕЖИССЕР:

- Жаштардын кинематографиядагы алгачкы кадамдары Шакен Аймановдун туулган жеринде ушундай иш-чаранын өтүшүү шаар жана студенттер үчүн абдан маанилүү окуя. Өмүр бою эсте кала турган студенттердин биринчи жана маанилүү олжоосу болушу мүмкүн.

ЛЮДМИЛА БАЮШЕВА, КИНО ТААНУЧУ, ФЕСТИВАЛДЫН УЮШТРУУЧУСУ:

- Мен өзүм үчүн жаңы ысымдарды ачтым. Ачыгын айтсам, мен азыркы тапта ушул режиссерлордун иштерине карап, жаккандарын эсте сактап калдым жана байкоо салып турам. Ага кошо, биз көрүүчүлөргө тасмаларды көрүп кана койбостон, талкууга катышууну сунуштайбыз.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии