«Астана Опера» сахнасында «Viva L’opera» концерти тартуулашты

«Астана Опера» сахнасында кезектеги дүйнөнүн мыкты опера берметтери салтанат курушту. Бул жолу табити бийик көрүүчүлөрдүн назарына Италия, француз классиктеринин белгилүү ариялары тартууланды. Обондуу кечтин коногу белгилүү армениялык ырчы Вардуи Хачатрян. Бай чыгармачылык фонду 7 тилден турган сыйлуу конок менен бирге аттары кеңири белгилүү жергиликтүү опера мыктылары өнөрүн тартуулашты. Алар Кзакстандын эмгек сиңирген ишмери, көптөгөн абройлуу эл аралык сынактардын лауреаты Медет Шотабаев менен Барсег Туманян. Жез таңдай үчтүккө Елена Сахно фортепиано партиясы менен жардам берди.

ЕЛЕНА САХНО, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН ОПЕРА ТРУППАСЫНЫН БАШКЫ КОНЦЕРТМЕЙСТЕРИ:

-  Бул концертте биз ушул опера өнөрүнө болгон сүйүүбүздү жеткирүүгө аракет кылдык. Ошондуктан өтө белгилүү композиторлордун чыгармалары аткарылды. Ал албетте, Верди менен Россини, Француз композитору Гуно менен Массне.

МЕДЕТ ШОТАБАЕВ,  КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Көрүүчүлөргө концерт жакты. Казакстан көрүүчүлөрү ар дайым меймандос, алардын жылуу кабыл алуусу сезилип турду. Кеченин коногу Вардуи Хачатряндын керемет аткаруусун белгилеп кетейин. Чындыгында аншлаг болду.