«Астана Опера» театрында белгилүү «Корсар» балетинин жаңы интерпретациясы сунушталды. Эки кылымга жакын Адольф Адандын чыгармалары дүйнөнүн алдыңкы театр сахналарынан түшпөй келе жатат. Хореограф Алтынай Асылмуратованын айтымында, спектаклдин өзгөчөлүгү – олуттуу алдыңкы партияларды аткаруу жаңы баштап жаткан артисттерге тапшырылган. Солист техникалык жөндөмдөрдү гана эмес, мыкты  актёрдук чеберчиликти да өздөштүрө билүүгө тийиш. «Корсар»  балетинде  башкы каармандарды аткаруу өтө баалуу тажрыйба, ал артисттин чеберчилигин чыңдап, жаңы кырларын ачууга мүмкүнчүлүк берет, дейт жаш артисттер. Балетти коюу алкагында проекциялар аркылуу көрүүчү англис акыны Байрон өмүр сүргөн замандын атмосферасын сезет. Сахнанын жасалгасы менен бирге, артисттердин костюмдары да өзгөчө.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, «АСТАНА ОПЕРА» БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул мыкты, көңүлдүү, жарык, зор өнөр чыгармасы, биз Астананын 20 жылдыгына жана улуу Мариус Иванович Петипанын 200 жылдык мааракесине даярдадык. Биз жаштарды кабыл алабыз, алдыңкы партияларда өзүн-өзү сыноого мүмкүнчүлүк беребиз. Жансерик Ахметов «Ленкедем» партиясына алгачкы жолу катышат.

ЖАНСЕРИК АХМЕТОВ, "АСТАНА ОПЕРА" МАМЛЕКЕТТИК ОПЕРА ЖАНА БАЛЕТ ТЕАТРЫНЫН АРТИСТИ:

- Ушул партия  чеберчилик жагынан алып караганда өтө кыйын. Оор болду, анткени мен биринчи жыл гана иштеп жатам жана тажрыйбам жок. Ушул чоң сахнага ушундай партия менен биринчи жолу чыгышым.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии