«Алтын адам» тууралуу даректүү тасма BBC телеканалынан көрсөтүлдү

«Алтын адам тууралуу уламыш: Улуу талаа сырлары» даректүү тасмасынын бет ачары Европа, Азия-Тынч океан аймагы, АКШ, Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш, Латын Америка жана Түштүк Африка өлкөлөрүндө көрсөтүлдү. 20-кылымдагы эң белгилүү казакстандык археологиялык олжолордун бирине арналган кинокартина BBC World News телеканалынан көрсөтүлдү.

СЕРГЕЙ СТАНОВКИН, ВВС WORLD WIDE АЙМАКТЫК ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Менимче, тасма дүйнөгө Казакстандын бай маданияты жана тарыхын тааныштырып гана койбостон, чет өлкөлөрдөн туристтерди тартууга зор мүмкүнчүлүк берет.

Өткөн жылы маданият жана спорт министрлигинин колдоосунун артында BBC телеканалы Шакен Айманов атындагы «Казакфильм» киностудиясы менен бирге Айша-Биби жана Кожа Ахмет Яссауи мавзолейлери тууралуу кыска роликтерди тартып, тааныштырышкан. Чакан тасманын бири «Алтын адамга» арналды. Бул окуя телеканал редакторлорун кызыктырып, толук даректүү тасма тартууга багыт көрсөткөн. Анткени, тасманы көрсөтүү «BBC World News» телеканалынын командасынын өз демилгеси, аны менен катар  «Руханий жаңыруу» программасын ишке ашыруу алкагында болду. Чет өлкө серепчилеринин пикиринде, казак эли бай тарыхый мурас сырларын каткан баалуу архитектуралык эстеликтерди сактап калган.

ПИТЕР ХОММЕЛЬ, ОКСФОРД УНИВЕРСИТЕТИ АЗИЯ АРХЕОЛОГИЯСЫ, ӨНӨР ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУНУН ИЗИЛДӨӨЧҮСҮ:

- Бул мен үчүн өтө керектүү дүйнө. Менимче, Казакстан жана Борбор Азиянын маданияты менен тарыхын билүү дүйнө тааным деңгээлин өстүрөт. Бул – ааламдык тарыхты билүү үчүн өтө маанилүү.

Белгилей кетсек, тасманын көрсөтүүсү эл аралык «Алтын адам парады» долбоорунун дүйнөлүк музейлерге саякатынын мезгилине туш келди.