11 жаштагы жылдыз. Аңсар Жүсыптын өзгөчө талантын І Эл аралык фестиваль сынагынын калыстар тобу дароо байкашкан. Ал «Burabay Summer Fest» балдар жана жаш өспүрүмдөр жарышында «академиялык ырдоо» номинациясында жеңүүчү аталды. Жаш ырчы Казакстандын булуң-бурчу жана чет өлкөлөрдөн келген жүздөгөн катышуучулардан озуп чыкты. Ал аталган сынактын баш  байгеси – Эл башынын атынан сыйланган роялды жеңип алды.

АҢСАР ЖҮСЫП, ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТВАЛДЫН ЖЕҢИЧҮҮСҮ:

- Менин атаандаштарым мыкты, көп жылдар бою даярданышкан. Актердук чеберчиликтери да бар. Аларды жеңип чыгуу өтө кыйын болду. Мен болгон күчүмдү жумшап ырдадым. Мен 15 күн болдум. Көп досторду таптым. Көп балдар менен тааныштым. Алардан кантип ырдоо, сахнага чыгууну үйрөндүм. Нурсултан Абишович Назарбаевга чоң рахмат айткым келет. Мени колдоп келген актөбөлүк күйөрмандарыма алкыш айткым келет.

Эрнесто де Куртистин «Соррентого кайт» чыгармасы жаш таланттын сүйүктүү ырларынын катарында. Аңсар Жүсып ырдоо өнөрүнө жаштайынан маани берген. Ал Актөбө шаарындагы музыкалык мектепте билим алат.

ТАРБИЯ ДАРИБАЕВА,  № 1 МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕПТИН МҮДҮРҮ/ АКТӨБӨ ШААРЫ:

- Аңсар өтө жөнөкөй, сабырдуу, көп сүйлөбөйт, даярданат. Устатынын да эмгеги зор, албетте. Бардык эркелигин, тентектигин 6 жашынан баштап окуганга чейин көтөрдү. Ал сынакка зор жоопкерчилик менен даяданды. Ошонун жемиши деп ойлойм.

Даярдык, уйкусуз түндөр, тандоо кези. Аңсардын алдында эл аралык сынактарга тиешелүү деңгээлде даярдануу милдети турат. Күзүндө жаш жылдыз Лос-Анжелестеги белгилүү «UNIVERSAL STUDIOS HOLLYWOOD» сынагына аттанат. Аңсар дагы да көп бийиктиктерди багындырууга бел байлап жатат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии